Аннотация
зырку убакта заманбап инструменталдык ыкма изилдөөлөрдү колдонууга карабастан, улгайган жана кары адамдарга курч аппендицит диагнозун коюу татаал жана хирург үчүн оору баянын абдан так сурамжылоо жана негизги клиникалык белгилерди табуу дарт аныктоодогу негизги элементтер болуп саналат. Кечиктирилгис хирургиядагы изилдөө шкалаларынын жана системаларынын көптүгүнө карабастан ушундай симптомдорду эске алган эң көп колодонулган аныктоолордун бири болуп Альварадо шкаласы эсептелет. Альварадо шкаласы 1986-жылы Альфредо Альварадо тарабынан аппендициттин диагностикалык куралы катары иштелип чыккан. Баалоо АКШнын Пенсильвания штатындагы Филадельфия шаарындагы Назарет ооруканасына курч аппендициттикиндей курсак оорусу менен түшкөн 305 бейтаптын ретроспективдүү изилдөөсүнө негизделген. Бул макалада улгайган жана кары адамдарга курч аппендицит диагнозун коюунун өзгөчөлүктөрү жана улгайган адамдарга Альварадо шкаласынын колдонулушу жөнүндө баяндалат. Альварадо шкаласынын жөнөкөйлүгүнөн колдонуу оңой жана дарт аныктоону жакшыртат, ооруканага жаткыруу үчүн болгон көрсөткүчтөрдү так аныктайт, жана ошондой эле “керексиз” операциялардан сактайт. Изилдөөнүн максаты: улгайган адамдарга курч аппендицит диагнозун коюуда Альварадо шкаласын валидизациялоо. Материалдар жана ыкмалар. Изилдөөгө курч аппендицит дарты аныкталган негизги топко 60 жаштан жогорку бейтаптар жана ошондой эле контролдук топтогу 18 жаштан 60 жашка чейинки бейтаптар киргизилди. Жалпы кайрылган бейтаптардын саны 180. Курч аппендицит дарты аныкталып операция болуп дарыланган 180 бейтаптын оору баяндарына ретроспективдүү изилдөө жүргүзүлдү. Натыйжалар. Улгайган жана кары адамдарга курч аппендицит диагнозун коюуда Альварадо шкаласы 8 баллды түзсө операция жасоо үчүн көрсөткүч катары эсептесек болот. Корутунду. Изилдөөбүздүн жыйынтыгы айткандай Альварадо шкаласы, улгайган жана кары адамдарга курч аппендицит диагнозун коюу менен андан ары дарылоо жолун аныктоодо абдан зор жардам берет
Негизги сөздөр
курч аппендицит; улгайган жана кары адамдар; Альварадо шкаласы; курт сымал өсүндүЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар