Аннотация
Жасалма интеллект стоматологияда барган сайын кеңири колдонулуп, диагностиканын тактыгын жогорулатууга, дарылоо процессин оптималдаштырууга жана күнүмдүк процедураларды автоматташтырууга өбөлгө түзүүдө. Машина үйрөнүү алгоритмдеринин аркасында жасалма интеллект рентгенологиялык жана КТ сүрөттөрүн жогорку тактык менен талдап, оорулардын өнүгүшүнүн алгачкы баскычтарында патологиялык өзгөрүүлөрдү аныктай алат. Заманбап жасалма интеллект моделдери стоматологиянын ар кандай тармактарына – кариесология жана клиникалык эндодонтиядан баштап пародонтологияга жана альвеолярдык өсүндүн сөөк ткандарынын жоголушун баалоого чейин – активдүү киргизилүүдө. Бул санариптик пландаштыруу, моделдештирүү жана жогорку тактык менен функционалдуулуктагы реставрацияларды даярдоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Мындан тышкары, жасалма интеллект программалары патологиялардын өнүгүшүн болжолдой алат жана коркунуч факторлорунун артыкчылыгын аныктайт, бул клиникалык чечим кабыл алуунун сапатын жогорулатат. Бул макалада стоматологиялык практикага жасалма интеллектти клиникалык колдонуу аспектилери каралат. Анализдин негизи катары Семей шаарындагы (Абай облусу) «White Dent» клиникасынын маалыматтары колдонулган. Клиникалык учурлардын контент-анализа, ошондой эле электрондук медициналык карталардын статистикалык формалары жүргүзүлгөн. Стоматологиянын ар кандай багыттарында жасалма интеллектти колдонуу натыйжалуулугун жана тактыгын баалоо үчүн бейтаптардын электрондук медициналык карталары, конус-нурлуу компьютердик томографиянын маалыматтары жана ооз көңдөйүнүн санариптик сканерден өткөрүлгөн сүрөттөрү пайдаланылган
Негизги сөздөр
жасалма интеллект; нейрондук тармактар; медицина; стоматология; стоматологиялык медицина; стоматологиялык биоматериалдарЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар