Аннотация
Изилдөөнүн максаты – тонзиллэктомиядан кийинки балдардагы тиктик гиперкинездердин оордугун азайтуу үчүн физиотерапияны, когнитивдик-бихевиоралдык терапияны жана нутритивдик колдоону камтыган комплекстүү реабилитациялык программаны иштеп чыгуу жана анын эффективдүүлүгүн баалоо болду. Тиктик гиперкинездер бейтаптардын жашоо сапатын олуттуу төмөндөтүшү, коомго адаптациясын татаалдаштырышы жана дарылоого көп тармактуу узак мөөнөттүү мамилени талап кылышы мүмкүн. Бул изилдөө балдарда тиктик бузулуулар менен коштолгон абалдар үчүн комплекстүү реабилитациялык программаны иштеп чыгууга жана анын эффективдүүлүгүн баалоого арналган, хирургиялык дарылоодон кийин реабилитация программасы тиктик бузулууларды андан ары азайтуу үчүн милдеттүү болуп саналат. Тонзиллэктомия өнөкөт тонзиллитте, өзгөчө балдар оториноларингологиясында эң көп жүргүзүлүүчү хирургиялык операциялардын бири болуп эсептелет. Иштелип чыккан программа физиотерапиялык процедураларды, когнитивдик-бихевиоралдык терапияны жана нерв системасын жана организмдин жалпы абалын калыбына келтирүүгө багытталган нутритивдик колдоону камтыган. Изилдөөгө операциядан кийинки тиктик бузулуулар диагнозу коюлган балдар киргизилип, алар 3, 6 жана 9 айлык реабилитация курсун өтүшкөн. Интервенциянын эффективдүүлүгү тиктин оордук шкалаларын, неврологиялык жана психоэмоционалдык статусун колдонуу менен бааланган. Алынган жыйынтыктар программага катышкан бейтаптарда тиктик гиперкинездердин оордугунун контролдук топко салыштырмалуу статистикалык жактан ишенимдүү төмөндөгөнүн көрсөттү. Эң ачык оң өзгөрүүлөр реабилитациянын узактыгы 6 айдан ашкан учурда байкалган. Демек, комплекстүү ыкманы колдонуу калыбына келүүнүн эффективдүүлүгүн жогорулатууга жана тонзиллэктомиядан кийинки балдардагы неврологиялык симптомдордун хронизациялануу коркунучун минималдаштырууга мүмкүндүк берет
Негизги сөздөр
тонзиллэктомия; тиктик гиперкинездер; балдар; реабилитация; когнитивдик-бихевиоралдык терапияЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар