Аннотация
Үстүңкү кабактын блефаропластикасы дүйнөлүк практикада эң белгилүү пластикалык операциялардын бири болуп саналат, айрыкча азиялык кош кабак бейтаптар арасында. Бирок азиялык кабактардын анатомиялык өзгөчөлүктөрү (айкын бүктөлүүнүн жоктугу, тери астындагы май ткандарынын болушу жана орбиталык перегородканын өзгөчө түзүлүшү) хирургиялык техниканы тандоодо өзгөчө мамилени талап кылат. Бул макалада 50 азиялык жана европалык тектүү бейтаптын анатомиялык өзгөчөлүктөрүнүн салыштырмалуу талдоосу берилген, айрыкча анатомиялык айырмачылыктарга, клиникалык натыйжаларга жана бейтаптардын канааттануусуна көңүл бурулган. Изилдөөнүн максаты – азиялык жана европалык тектүү бейтаптарда блефаропластиканын ар түрдүү хирургиялык ыкмаларынын натыйжалуулугун изилдөө жана салыштыруу, ошондой эле операциянын натыйжасына таасир этүүчү факторлорду аныктоо. Бардык операциялар «MaxClinic» пластикалык жана реконструктивдүү хирургия клиникасында жүргүзүлгөн. Изилдөөдө стандартташтырылган сурамжылоо формалары, медициналык документтердин жана операцияга чейинки жана кийинки сүрөттөрдүн талдоосу колдонулган. Бул изилдөөнүн Кыргызстан үчүн маанилүүлүгү азиялык этникалык өзгөчөлүктөрү бар калк арасында эстетикалык операцияларга (анын ичинде блефаропластикага) болгон суроо-талаптын өсүшү менен байланыштуу. Көп улуттуу курамдын шартында (азиялык жана европалык анатомиялык өзгөчөлүктөрүнүн айкалышы) жергиликтүү калктын өзгөчөлүктөрүн эске алган хирургиялык ыкмаларды иштеп чыгуу зарыл. Мындай изилдөөлөр медициналык тейлөөнүн сапатын жогорулатууга, операциядан кийинки кыйынчылыктарын көбөйүшүн азайтууга жана бейтаптардын канааттануусун жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет, бул Кыргызстанда статистикалык маалыматтардын жетишсиздигинде өзгөчө маанилүү. Изилдөөнүн натыйжалары Кыргызстанда блефаропластиканы жүргүзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууга жана хирургдарды этникалык өзгөчөлүктөрүн эске алган заманбап ыкмаларга үйрөтүүгө пайдаланылышы мүмкүн
Негизги сөздөр
пластикалык хирургия; блефаропластика; үстүңкү кабак; азиялык блефаропластика; үстүңкү кабактын анатомиясы; периорбиталдык аймак; евроазиялык кабактарЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар