Аннотация
Кыргыз Республикасында ботулизм жыл сайын спорадикалык жана топтук очоктор түрүндө байкалат. Ботулизм сейрек кездешүүчү жугуштуу оору болуп саналат жана анын спецификалык клиникалык көрүнүшүнөн улам, ал өз убагында диагноз коюуда дарыгерлерге чоң кыйынчылыктарды жаратат. Изилдөөнүн максаты тамак-аш ботулизминин эпидемиологиялык жана клиникалык мүнөздөмөлөрүн изилдөө болгон. 2022-2023-жылдар аралыгында Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар бейтапканасына жаткырылган тамак-аш ботулизм диагнозу менен 23 бейтаптын медициналык документтери ретроспективдүү талдоого алынды. Бейтаптардын медициналык документтерин талдоонун натыйжасында инфекциянын жугуу фактору болуп үй шартында консерваланган жашылча-жемиштер экендиги аныкталган. Бейтаптардын 60%дан ашыгы медициналык жардамга кеч кайрылышкан. Адегенде 26,1% учурларда дарыгерлер туура эмес диагноз коюшкан. Бейтаптардын көбү чоң адамдар (87%) анын арасында негизинен эркектер көп болгон (61%). Оорунун оор өтүшү 56% учурларда байкалган. Анализ көрсөткөндөй, бейтаптарда ботулизмдин типтүү клиникалык симптомдору, баш сөөк нервдеринин симметриялуу түшүүчү шал оорусу жана миоплегия симптомдору пайда болгон. Кыргызстанда ботулизмге негизинен ботулиндик токсиндердин А, В, Е типтери себеп болот, ошол эле учурда бул түрдөгү моноваленттүү сывороткаларды колдонуу менен ботулизмди антиботулиндик сыворотка менен дарылоого эмпирикалык мамиле негиздүү. Ошентип, тамак-аш ботулизмин эрте диагностикалоо жана дарылоо өлүм коркунучун азайтат жана оорунун прогнозун жакшыртат. Элдин маалымдуулугун жогорулатуу бул оорунун алдын алуу болуп саналат
Негизги сөздөр
ботулизм; эпидемиология; клиника; аныктоо; дарылоо; профилактикаЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар