Том 17, № 2, 2025 / Барактар 238-245

Бишкек шаарындагы муниципалдык поликлиникаларда пародонт оорулары боюнча чоңдордун стоматологиялык жардамга кайрылуусу жана бул патологияга байланыштуу ортопедиялык дарылоонун анализи

Кабыл алынган убакыт 11.12.2024
Түзөтүлгөн 21.04.2025
Кабыл алынган 23.05.2025

Аннотация

Бишкек шаарынын муниципалдык стоматологиялык поликлиникаларына (№2, №3, №4, №5, №6) 2020–2024-жылдар аралыгында пародонт оорулары менен кайрылган чоңдордун кайрылуусу боюнча ретроспективдик изилдөө жүргүзүлдү. Ошондой эле, 2018– 2022-жылдардагы отчеттук маалыматтардын негизинде ортопедиялык жардамдын анализи жасалды. Изилдөөнүн жыйынтыктары көрсөткөндөй, 2020-жылы пародонт оорулары менен стоматологиялык жардамга кайрылгандардын саны өтө аз болгон, бул, балким, Covid-19 пандемиясына байланыштуу. Андан кийинки жылдары кайрылуулар саны айырмаланган. Бул көрүнүш адистештирилген кабинеттердин, дарылоо протоколдорунун жана отчеттуулуктун жоктугу менен түшүндүрүлөт. 5 муниципалдык стоматологиялык поликлиниканын ортопедия бөлүмдөрү боюнча жүргүзүлгөн анализдин негизинде төмөнкүдөй жыйынтык чыгарууга болот: жасалган протездердин ичинен негизинен металл-керамикалык, металл жана пластмассадан жасалган жекече таажылар көп, бирок алар бириктирилбеген конструкцияда, бул болсо пародонт ооруларын дарылоого ылайыксыз. Мост тибиндеги протездер негизинен ширетилген жана металл-керамикалык түрдө жасалган, бирок алар да пародонт ооруларын эске алуу менен даярдалган эмес. Съемный протездердин ичинен көбүнчө жарым-жартылай пластинкалар жана толук съемный пластинкалар жасалган. Бюгель протездеринин үлүшү эң төмөнкү деңгээлде болуп, бардык съемный протездердин ичинен болгону 1,63% түзөт

Негизги сөздөр

пародонт оорулары; кайрылуу; анализ; мамлекеттик поликлиника; конструкциялар

Цитаталоо

APA Style
Isakov, E., Kalbaev, A., Shayahmetova, K., Kulukeeva, A., Ashyralieva, A. & Osmonova, D. (2025). Utilization of dental services by the adult population for periodontal diseases and analysis of prosthetic treatment of this pathology in municipal polyclinics of Bishkek city. Eurasian Health Journal, 17(2), 238-245. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2025-2-238
Copied!
Vancouver Style
Isakov, E., Kalbaev, A., Shayahmetova, K., Kulukeeva, A., Ashyralieva, A., Osmonova, D.. Utilization of dental services by the adult population for periodontal diseases and analysis of prosthetic treatment of this pathology in municipal polyclinics of Bishkek city. Eurasian Health J. 2025;17(2):238-45. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2025-2-238
Copied!

Колдонулган булактар

Жарыялоо процессиндеги булактар