Том 17, № 2, 2025 / Барактар 151-158

Ар кандай этиологиядагы бет нервинин жабырканышында тил алдындагы-бет анастомозу

Кабыл алынган убакыт 20.12.2024
Түзөтүлгөн 02.04.2025
Кабыл алынган 23.05.2025

Аннотация

Бет нервинин жабыркашы ортоңку кулак жана баш сөөгүнүн түбүнө жүргүзүлгөн хирургиялык кийлигишүүлөрдө, айрыкча мосто-мээ бурчундагы жана самын сөөктөгү шишиктерде, кеңири тараган татаалдашуулардын бири болуп саналат. Эгерде бет нервинин проксималдык бөлүгүн калыбына келтирүү мүмкүн болбосо, подъязычно-бет анастомозу эң натыйжалуу реиннервация ыкмаларынын бири катары саналат. Бул изилдөөдө ар түрдүү этиологиядагы бет нервинин жабыркашы бар 36 бейтапка жасалган "учу менен учу" анастомозу боюнча хирургиялык операциялардын ретроспективдүү анализи келтирилген. Натыйжалуулук Хаус-Брекман шкаласы жана мимикалык булчуңдардын электромиографиясы аркылуу операциядан кийинки 12 ай аралыгында бааланды. Жыйынтыгында, 77,4 % бейтапта оң динамика менен, өзгөчө көз айланасындагы жана маңдайдагы булчуңдарда, функциялардын акырындык менен калыбына келиши байкалган. Бейтаптардын жарымына жакынынын бетинин симметриясы толук калыбына келген. Бирок, бул ыкма тилдин жарымдык атрофиясы жана сүйлөөдө кыйынчылыктар сыяктуу терс таасирлерге алып келиши мүмкүн. Алынган жыйынтыктар 12 айлык мөөнөт ичинде эрте анастомоз жүргүзүүнүн зарылдыгын көрсөтүп, хирургиялык жана реабилитациялык методдорду өркүндөтүү керектелээрин белгилейт

Негизги сөздөр

бет нервтери; бет нервинин жабыркашы; бет нервинин анастомозу

Цитаталоо

APA Style
Nasyrov, V., Buvaev, Sh. & Bobrov, A. (2025). Hypoglossal-facial anastomosis in facial nerve damage of various etiologies. Eurasian Health Journal, 17(2), 151-158. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2025-2-151
Copied!
Vancouver Style
Nasyrov, V., Buvaev, Sh., Bobrov, A.. Hypoglossal-facial anastomosis in facial nerve damage of various etiologies. Eurasian Health J. 2025;17(2):151-8. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2025-2-151
Copied!

Колдонулган булактар

Жарыялоо процессиндеги булактар