Аннотация
Бул макала стоматологиялык практикада кеңири колдонулган дары-дармек тобу – сорбенттерге арналган. Анда алардын пародонт ткандарына терапиялык таасир этүү механизмдери кеңири каралат. Макалада шунгит көмүр сорбентин колдонуу менен пародонтитти дарылоонун жыйынтыктары берилген. Изилденген бейтаптардын арасында өнөкөт катаралдык гингивит 17 кишиден (29,8%) табылган, генералдашкан пародонтиттин жеңил даражасы – 16 кишиде (28,0%), ал эми орточо даражасы – 24 бейтапта (42,1%) аныкталган. Шунгит пастасын колдонуу менен пародонт ооруларын дарылоонун натыйжалуулугу шунгит пластинкаларын жана салттуу катуулаган десна таңгычтарын колдонуу менен салыштырылып бааланган. Эң ачык жана узакка созулган терапиялык эффект шунгит пастасын колдонгондо белгиленген. Катаралдык гингивитте жана пародонтиттин жеңил жана орточо даражаларында жергиликтүү сорбциялык терапиянын клиникалык натыйжалуулугу микробиологиялык, цитоморфологиялык жана иммунологиялык көрсөткүчтөрдүн оң динамикасы менен тастыкталган. Жергиликтүү сорбциялык терапиянын эки формасынын дарылык натыйжалуулугун салыштыруу жыйынтыгында катаралдык гингивит жана пародонтиттин жеңил жана орточо даражасында бейтаптарды дарылоо үчүн шунгиттин оптималдуу формасы 70% паста экени аныкталган. Пародонтиттин жеңил жана орточо даражасын 70% шунгит пастасы менен дарылоодо дарылоодон 6 ай өткөндөн кийин оорунун ремиссиясы тиешелүүлүгүнө жараша 84,2% жана 70% учурларда байкалган. 12 ай өткөндөн кийин ремиссия тиешелүүлүгүнө жараша 81,1% жана 63,4% бейтаптарда белгиленген
Негизги сөздөр
сорбенттер; пародонт оорулары; таасир этүү механизмдери; сорбциялык активдүүлүк; колдонууга көрсөтмөлөрЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар