Том 17, № 3, 2025 / Барактар 172-176

Латынча-кыргызча медициналык терминдеринин эквиваленттүүлүгү жөнүндөгү маселеге карата

Кабыл алынган убакыт 30.04.2025
Түзөтүлгөн 04.09.2025
Кабыл алынган 22.10.2025

Аннотация

Макалада лингвистика, термин таануу жана практикалык медицина үчүн кызыкчылык туудурган латын жана кыргыз медициналык терминдеринин эквиваленттүүлүк маселеси каралат. Медициналык терминдердин латын тилинен кыргыз тилине котормосунун мүнөздүү өзгөчөлүктөрү талданат жана адистештирилген түшүнүктөрдү берүү менен байланышкан татаалдыгы аныкталат. Латын медициналык терминдеринин кыргызча эквиваленттерине лексика-семантикалык жана структуралык талдоо жүргүзүлөт. Котормодо илимий тактыкты сактоо, ошондой эле кыргыз тилинин улуттук жана тилдик өзгөчөлүктөрүн эске алуу зарылчылыгына өзгөчө көңүл бурулат. Изилдөө медициналык терминдердин которулушунун негизги түрлөрүн аныктоого багытталган: түздөн-түз өздөштүрүү (insulinum - инсулин), калька (arteria pulmonalis-өпкө артериясы), гибриддик формалар (gastritis-гастрит). Терминологиялык системалардын салыштырма талдоосунун негизинде дал келүүлөрдүн негизги түрлөрү аныкталат. Кыргыз тилдүү медициналык дискурста латын терминдерин адаптациялоонун лингвистикалык аспектилерине өзгөчө көңүл бурулат. Тактап айтканда, транслитерация, транскрипция жана семантикалык калька сыяктуу процесстер каралат. Изилдөө методологиясы негизги медициналык номенклатуралардагы терминдердин (Terminologia Anatomica, Nomina Histologica) салыштырма анализин, ошондой эле эквиваленттүүлүктүн ар кандай түрлөрүнүн жыштыгын аныктоо үчүн статистикалык маалыматтарды иштеп чыгууну камтыйт. Изилдөөнүн практикалык мааниси медициналык билим берүү программаларында терминдерди бирдиктүү колдонууга; эки тилдүү сөздүктөрдү түзүүдө; клиникалык тексттерди которууда каталарды жоюуда көрүнөт. Изилдөө медициналык лингвистиканын өнүгүшүнө салым кошуп, илимдин аалаамдашуу шартында терминдик системанын динамикасын изилдөөнүн зарылдыгын көрсөтөт

Негизги сөздөр

медициналык термин; латын-кыргыз эквиваленттүүлүгү; өздөштүрмөлөр; калька; салыштырма лингвистика

Цитаталоо

APA Style
Duishekeeva, A. & Dobaev, K. (2025). On the issue of Latin-Kyrgyz medical terms equivalence. Eurasian Health Journal, 17(3), 172-176. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2025-3-172
Copied!
Vancouver Style
Duishekeeva, A., Dobaev, K.. On the issue of Latin-Kyrgyz medical terms equivalence. Eurasian Health J. 2025;17(3):172-6. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2025-3-172
Copied!

Колдонулган булактар

Жарыялоо процессиндеги булактар