Аннотация
Макалада Ош облуктар аралык бириккен клиникалык ооруканасында тубаса жогорку эрин жана таңдай жарактары бар 685 балага жүргүзүлгөн комплекстүү хирургиялык дарылоонун тажрыйбасы баяндалат. Изилдөөнүн максаты – жогорку эриндин, таңдайдын жана үстүңкү жаактын альвеолярдык өсүндүсүнүн тубаса жаракаларын хирургиялык жол менен дарылоонун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле ринопластика аркылуу бет скелетинин эстетикалык бүтүндүгүн калыбына келтирүү болуп саналат. Макалада заманбап жана жергиликтүү шартка ыңгайлаштырылган коррекция ыкмалары, анын ичинде модификацияланган хейлопластика, уранопластика, үстүңкү жаактын альвеолярдык өсүндүсүнө аутокост пластика, ошондой эле ачык ринопластика ыкмалары каралган. Бул ыкмалар пациенттердин жаш өзгөчөлүктөрү жана анатомо-физиологиялык мүнөздөмөлөрү эске алынуу менен тандалган. Эрте этаптагы кемчиликтерди түзөтүүдөн тартып өспүрүм курактагы акыркы реконструктивдик операцияларга чейинки баскычтуу хирургиялык стратегия туруктуу функционалдык жана эстетикалык жыйынтыктарды берүүгө мүмкүндүк түзөт. Бул, өз кезегинде, баланын толук кандуу физикалык, сүйлөө жана психо-эмоционалдык өнүгүшүнө шарт түзөт. Пациенттерди комплекстүү коштоо, алардын үй-бүлөлөрүн дарылоо процессине активдүү тартуу жана баскычтуу ыкма жогорку клиникалык натыйжалуулугун көрсөттү. Алынган жыйынтыктар автордук ыкмаларды жана мультидисциплинардык реабилитацияны киргизүү тубаса жаак-бет кемтиктери бар балдардын жашоо сапатын жогорулатууга жана туруктуу функционалдык-эстетикалык натыйжаларга жетишүүгө өбөлгө түзөрүн ырастайт. Комплекстүү жана инновациялык ыкма менен төрөлгөн жук-жаак аймагынын кемтиктерин дарылоо бейтаптарды ийгиликтүү реабилитациялоонун жана социалдык-психологиялык адаптациялоонун күрөө ташы болуп саналат. Бул болсо дарылоо процессин оптималдаштыруу үчүн изилдөөлөрдү улантууну жана жаңы технологияларды киргизүүнү талап кылат
Негизги сөздөр
жарыктар; хейлопластика; уранопластика; аутопластика; ринопластикаЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар