Том 17, № 3, 2025 / Барактар 15-22

Азыркы саламаттык сактоо шартында дарыгер-стоматологдордун эмгек иш-аракетин уюштуруу (адабияттарга сереп)

Кабыл алынган убакыт 16.04.2025
Түзөтүлгөн 11.09.2025
Кабыл алынган 22.10.2025

Аннотация

Макалада саламаттык сактоо системасын реформалоо жана медициналык практиканы санариптештирүү шартында дарыгер-стоматологдордун эмгек иш-аракетин уюштуруунун заманбап аспектилери каралат. Стоматологдордун кесиптик ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугуна таасир этүүчү негизги факторлор талданат, алардын ичинде эмгек убактысын рационалдуу бөлүштүрүү, клиникалык процесстерди оптималдаштыруу жана инновациялык технологияларды киргизүү бар. Айрыкча кесиптик стресстин алдын алуу, биологиялык жана психофизиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана эмгек шарттарын жакшыртуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулат. Ички жана тышкы изилдөөлөрдүн негизинде стоматологдордун эмгегин уюштурууну өркүндөтүүгө тоскоол болгон негизги көйгөйлөр аныкталды: материалдык-техникалык ресурстардын чектелгендиги, жумуштун жогорку интенсивдүүлүгү, кесиптик оорулардын коркунучу жана санариптик интеграциянын жетишсиздиги. Макалада эмгекти уюштурууну жакшыртуу багыттары сунушталат, мисалы санариптик диагностика жана дарылоо протоколдорун киргизүү, электрондук медициналык карталарды колдонуу, телемедициналык технологиялар жана адистердин аралыктан билим алуусу. Санариптештирүүнүн медициналык жардамдын сапатын жакшыртуу, клиникалык протоколдорду стандартташтыруу жана дарыгер менен бейтаптын өз ара аракетин өркүндөтүүдө ролу өзгөчө белгиленет. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасындагы материалдык-техникалык базанын жетишсиздиги жана кадрларды заманбап технологияларды колдонууга даярдоонун төмөн деңгээли сыяктуу чектөөлөр белгиленет. Жыйынтык катары, стоматологдордун эмгек иш-аракетин туура уюштуруу стоматологиялык жардамдын сапатын жогорулатууда, кесиптик тобокелдиктерди азайтууда жана бейтаптардын канааттануусун жогорулатууда маанилүү фактор экендиги белгиленет. Улуттук өзгөчөлүктөрдү жана эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен стоматология кызматын модернизациялоого системалык мамиле сунушталат

Негизги сөздөр

эмгекти уюштуруу; стоматология; кесиптик ишмердүүлүк; санариптештирүү; стресс

Цитаталоо

APA Style
Abdyshev, T. (2025). Organization of the professional activity of dentists in modern healthcare conditions (literature review). Eurasian Health Journal, 17(3), 15-22. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2025-3-15
Copied!
Vancouver Style
Abdyshev, T.. Organization of the professional activity of dentists in modern healthcare conditions (literature review). Eurasian Health J. 2025;17(3):15-22. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2025-3-15
Copied!

Колдонулган булактар

Жарыялоо процессиндеги булактар