Том 17, № 3, 2025 / Барактар 142-147

Курт сымал өсүндүнүн инвагинациясынан келип чыккан улгайган адамдардагы курч аппендицит (клиникалык окуя)

Кабыл алынган убакыт 10.04.2025
Түзөтүлгөн 17.09.2025
Кабыл алынган 22.10.2025

Аннотация

Курт сымал өсүндүнүн инвагинациясы, анын ичинде анатомиялыкморфологиялык өзгөчөлүктөрүнө жана өсүндүнүн моторикасына байланыштуу биринчилик инвагинациясы, ошондой эле курт сымал өсүндүдө жана илеоцекалдык аймакта ар кандай залалсыз жана залалдуу шишиктердин болушуна байланыштуу экинчилик инвагинациясы, азыркы учурга чейин жетиштүү деңгээлде изилдене элек жана хирургиялык адабиятта начар чагылдырылган көйгөй болуп саналат. Изилдөөнүн максаты: улгайган жана кары адамдардагы курт сымал өсүндүнүн инвагинациясынын эсебинен келип чыккан курч аппендицит дартын ийгиликтүү аныктоо жана дарылоо боюнча клиникалык окуяны баяндоо. Материалдар жана ыкмалар. Академик М.М. Мамакеев атындагы улуттук хирургия борборунда стационардык дарыланууда болгон 64 жаштагы бейтапта курт сымал өсүндүнүн толук инвагинациясынын өтө сейрек учуру көрсөтүлдү. Натыйжалар. Берилген клиникалык байкоо курт сымал өсүндүнүн инвагинациясын операцияга чейинки этапта аныктоонун татаалдыгын тастыктайт. Биз тарабынан баяндалган курт сымал өсүндүнүн инвагинациясынын сейрек кездешүүчү варианты бул патологиянын аз кездешишине карабастан, кечиктирилгис хирургия үчүн клиникалык маанилүүлүгүнүн зор экенин айгинелеп турат. Корутунду. Улгайган куракта ичегинин перистальтикасынын физиологиялык басаңдашы байкалганы менен, бул жаш курактык топто да курт сымал өсүндүнүн инвагинациясына байланыштуу курч аппендициттин өнүгүү ыктымалдыгы сакталат

Негизги сөздөр

курт сымал өсүндү; инвагинация; курч аппендицит; улгайган жана кары адамдар

Цитаталоо

APA Style
Sopuev, A., Atakoziev, A., Mamatov, N., Ernisova, M., Kudaiarov, E. & Shamil uulu, E. (2025). Acute appendicitis in the elderly with intussusception of the appendix (clinical case). Eurasian Health Journal, 17(3), 142-147. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2025-3-142
Copied!
Vancouver Style
Sopuev, A., Atakoziev, A., Mamatov, N., Ernisova, M., Kudaiarov, E., Shamil uulu, E.. Acute appendicitis in the elderly with intussusception of the appendix (clinical case). Eurasian Health J. 2025;17(3):142-7. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2025-3-142
Copied!

Колдонулган булактар

Жарыялоо процессиндеги булактар