Том 17, № 3, 2025 / Барактар 23-30

Алыстан саламаттыкты сактоо жаатында кесиптик компетенцияларды өнүктүрүү үчүн заманбап билим берүү программалары (адабияттарга сереп)

Кабыл алынган убакыт 25.04.2025
Түзөтүлгөн 02.09.2025
Кабыл алынган 22.10.2025

Аннотация

Изилдөөнүн максаты: алыскы медициналык кызматкерлердин кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүнүн заманбап ыкмаларын аныктоо. Изилдөөнүн максаттары: дүйнө жүзү боюнча алыскы медициналык чөйрөлөрдө иштөөгө медициналык адистерди даярдоонун заманбап ыкмаларын аныктоо жана Кыргыз Республикасында медициналык адистерди алыскы медициналык чөйрөдө иштөөгө даярдоонун заманбап жолдорун аныктоо. Материалдар жана методдор. Изилдөө бул тема боюнча атайын адабияттарды талдоо камтылган. Изилдөө ыкмаларына хронологиялык, баяндоочу жана аналитикалык ыкмалар кирген. Натыйжалар. Россия Федерациясында медициналык адистерди алыскы медициналык тейлөө үчүн даярдоо боюнча мамлекеттик билим берүү программалары ишке ашырылууда, виртуалдык реалдуулук жана телемедицина ыкмалары кеңири колдонулат. Учурда Кыргыз Республикасында медициналык адистерди алыскы медициналык тейлөө үчүн даярдоо боюнча өзүнчө программа жок. Алыскы ондуруштук участоктордо иштеген врачтар Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу медициналык институтунун тез жардам керсетуу боюнча типтуу курсун бутушет. Корутунду. Дистанттык саламаттыкты сактоо учурда саламаттыкты сактоо тармагындагы актуалдуу маселе болуп саналат. Эмгекке жарамдуу калктын саламаттыгын чыңдоо жана сактоо мамлекеттик деңгээлдеги артыкчылыктуу багыт катары аныкталган. Бул максатка жетишууде медицина кызматкерлеринин ролу чоц. Ошондуктан, Кыргыз Республикасында алыскы саламаттыкты сактоо үчүн медициналык адистерди даярдоо системасын өнүктүрүү зарылчылыгы белгиленди

Негизги сөздөр

саламаттыкты сактоо уюму; алыскы саламаттыкты сактоо; алыскы өндүрүштүк объектилер; госпиталга чейинки тез медициналык жардам; тоо медицинасы; Кыргыз Республикасы

Цитаталоо

APA Style
Ashyrbaev, A. (2025). Modern educational programs for developing professional competencies in the field of remote healthcare (literature review). Eurasian Health Journal, 17(3), 23-30. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2025-3-23
Copied!
Vancouver Style
Ashyrbaev, A.. Modern educational programs for developing professional competencies in the field of remote healthcare (literature review). Eurasian Health J. 2025;17(3):23-30. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2025-3-23
Copied!

Колдонулган булактар

Жарыялоо процессиндеги булактар