Башкы редактор
Индира Кудайбергенова
Медициналык илимдеринин доктору, профессор, ректор, И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, Кыргыз Республикасы
Биография
Кудайбергенова Индира Орозобаевна – медицина илимдеринин доктору, профессор, И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору. 1957-жылы туулган. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун дарылоо иши факультетин бүтүргөн. Хирургия боюнча интернатурадан өтүп, Республикалык клиникалык ооруканада дарыгер-хирург болуп эмгектенген.
1983-1988-жылдары РМИА А.В. Вишневский атындагы хирургия институтунда ординатура жана аспирантурада окуп, кандидаттык диссертациясын коргогон. 1991-1994-жылдары онкология боюнча докторантураны аяктап, доктордук диссертациясын жактаган.
1989-жылдан тартып КММИ/КММА ассистент, профессор, кафедра башчысы кызматтарында иштеген. 1997-жылы Кыргыз онкология жана радиология илимий-изилдөө институтунун директору болуп шайланган. 1998-жылы Кыргыз Республикасынын онкологдор жана радиологдор Ассоциациясын түзүүгө демилге көтөрүп, анын туруктуу жетекчиси болуп келет.
120дан ашык илимий эмгектин, анын ичинде эки монографиянын жана 40тан ашык окуу куралдарынын , усулдук колдонмолордун автору. Үч патенттин ээси. Бир медицина илимдеринин докторун жана сегиз илимдин кандидатын даярдаган.
2016-жылдын июль айынан бери И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору.Талыкпаган, үзүрлүү эмгеги үчүн «Курманжан Датка» ордени, «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги» төш белгиси, академиктер Н.Т. Трапезников, М.М. Миррахимов , М.М. Мамакеев атындагы медалдар, ошондой эле кыргыз тилине кошкон зор салымы үчүн «Кыргыз тили» төш белгиси жана бир катар ведомстволук сыйлыктарга татыган.