Том 14, № 1, 2022 / Барактар 111-118

КУРАГЫ БИРИНЧИ ЭКИ АЙЛЫК БАЛДАРДА ӨПКӨНҮ ЖЕЛДЕТҮҮ МЕНЕН БАЙЛАНЫШКАН ПНЕВМОНИЯДА ПНЕВМОТОПТУК КОЗГОГУЧТАРДЫН АНТИБИОТИКТЕРГЕ ТУРУКТУУЛУГУ ЖАНА ЭТИОСТРУКТУРАСЫ

Аннотация

Курагы биринчи эки айдагы балдарда өпкөнү желдетүү менен байланышкан пневмонияда пневмотроптук оору козгогучтардын антибиотиктерге болгон туруктуулугу жана этиоструктурасы изилденди. Материалдар жана изилдөө ыкмалар. Изилдөө объектиси болуп өпкөнү желдетүү менен байланышкан пневмониялуу 98 бала болду. Эндотрахеалдык түтүктөн биоматериалды алуу, биз иштеп чыккан контоминациясыз коопсуз корголгон ыкма аркылуу вакуум – аспиратор менен жүргүзүлдү. Микробиологиялык изилдөөдө, төмөнкү азыктуу чөйрөлөр колдонулду: 5% кан агары, шоколад агары, жумуртканын сары туздуу агары, Сабуро, Эндо чөйрөсү. Натыйжалар: Өпкөнү жасалма желдетүүгө байланышкан пневмониянын этиоструктурасында грамм терс флора (53,42% каршы31,96%<0,05), жетилип жана ара төрөлгөн балдарда (Р>0,05) дээрлик бирдей басымдуу катышта болду. Неонатологияда кеңири колдонулчу бардык антибиотиктерге пневмопатогендүү грамм оң микрофлора 2чи 3чү муундагы пенициллиндерге, цефалоспориндерге жана 1чи муундагы макролиддерге жогорку туруктуулугу аныкталды. Неонатология практикасында колдонулчу грамм терс пневмопатогендүү микрофлора дээрлик бардык антибиотиктерге туруктуу. 

Негизги сөздөр

Өпкөнү желдетүү менен байланышкан пневмония, антибиотиктерге туруктуулук, грамм – оң микрофлора, грамм-терс микрофлора, ымыркайлар, ара төрөлгөн, жетилип төрөлгөн балдар, реанимация бөлүмү, эки айга чейинки балдар

Цитаталоо

APA Style
Nasirdinov, F. (2022). ETIOSTRUCTURE AND ANTIBIOTIC RESISTANCE OF PNEUMOTROPIC PATHOGENS IN VENTILATOR-ASSOCIATED PNEUMONIA IN CHILDREN OF THE FIRST TWO MONTHS. Eurasian Health Journal, 14(1), 111-118. https://doi.org/10.54890/1694-6405_2022_1_111
Copied!
Vancouver Style
Nasirdinov, F.. ETIOSTRUCTURE AND ANTIBIOTIC RESISTANCE OF PNEUMOTROPIC PATHOGENS IN VENTILATOR-ASSOCIATED PNEUMONIA IN CHILDREN OF THE FIRST TWO MONTHS. Eurasian Health J. 2022;14(1):111-8. https://doi.org/10.54890/1694-6405_2022_1_111
Copied!

Колдонулган булактар

Жарыялоо процессиндеги булактар