Том 14, № 2, 2022 / Барактар 64-67

ТИШ ИМПЛАНТАТТАРЫНДА ТУРУКТУУ ПРОТЕЗДӨӨДӨ КОЛДОНУЛУУЧУ КОНСТРУКЦИЯЛЫК ЭРИТМЕЛЕРДИН ЭЛЕКТРОХИМИЯЛЫК ШАЙКЕШТИГИ

Аннотация

Макала тиш имплантаттарында туруктуу протездөөдө колдонулуучу конструкциялык эритмелердин электрохимиялык шайкештигин изилдөөгө арналган. Изилдөөнүн актуалдуулугу ортопедиялык стоматологияда ар түрдүү металл эритмелеринин кеңири колдонулушу жана алардын ооз көңдөйүндө тиш имплантаттарынын титан эритмелери менен узак убакыт байланышта болгондогу биошайкештигин баалоо зарылдыгы менен түшүндүрүлөт. Иштин максаты титандын эң кеңири тараган стоматологиялык эритмелер менен түзгөн контакттык жуптарындагы электрохимиялык шайкештигин изилдөө болгон. Эксперименталдык изилдөө жасалма шилекей эритмесинде никель-хром, кобальт-хром жана алтын камтыган эритмелердин үлгүлөрүн колдонуу менен жүргүзүлгөн. Изилдөөнүн жыйынтыгында суюктукка түшүрүлгөн учурдан тартып жана 30 мүнөттүк экспозициядан кийин эң жогорку чыңалуу титандын никель-хром жана кобальт-хром эритмелери менен түзгөн жуптарында, айрыкча куюудан кийин пескоструй менен иштетилбеген үлгүлөрдө катталганы аныкталган. Эң төмөнкү чыңалуу көрсөткүчтөрү титандын алтын камтыган эритмелер менен болгон жуптарында байкалган. Ошондой эле модельдүү эритмеде кармоо эритмелердин электроддук потенциалдарынын оң тарапка жылышына алып келип, алардын бетинде коргоочу катмарлардын пайда болушун көрсөтөрү белгиленген. Жыйынтыгында титандын ар кандай стоматологиялык эритмелер менен байланышы ар башка электрокыймылдаткыч күчтү жаратарын, ал эми пайда болгон электрохимиялык чыңалуунун адам организмине тийгизген таасири мындан ары да изилдөөнү талап кыларын белгилешкен.

Негизги сөздөр

металл эритмелери, туруктуу протездөө, тиш имплантаттары, электрохимиялык шайкештик

Цитаталоо

APA Style
Golovko, А. & Frolova, О. (2022). ELECTROCHEMICAL COMPATIBILITY OF METAL ALLOYS USED FOR NON-REMOVABLE PROSTHETICS ON DENTAL IMPLANTS. Eurasian Health Journal, 14(2), 64-67. https://doi.org/10.54890/1694-6405
Copied!
Vancouver Style
Golovko, А., Frolova, О.. ELECTROCHEMICAL COMPATIBILITY OF METAL ALLOYS USED FOR NON-REMOVABLE PROSTHETICS ON DENTAL IMPLANTS. Eurasian Health J. 2022;14(2):64-7. https://doi.org/10.54890/1694-6405
Copied!

Колдонулган булактар

Жарыялоо процессиндеги булактар