Аннотация
Макала жаак-бет аймагындагы хирургиялык патологияны диагностикалоодо, анын өнүгүшүн жана жүрүшүн божомолдоодо, ошондой эле жүргүзүлүп жаткан дарылоонун натыйжалуулугун баалоодо ооз суюктугунун микрокристаллдашуусунун көрсөткүчтөрүн колдонуунун заманбап мүмкүнчүлүктөрүн талдоого арналган. Иш 2007–2022-жылдардагы ата мекендик жана чет өлкөлүк атайын адабияттарды талдоонун негизинде аткарылган. Макалада биологиялык суюктуктардын кристаллдык түзүлүшүн изилдөөнүн негизги ыкмалары, анын ичинде индукцияланган кристаллогенез, четтик дегидратация ыкмасы жана клин сымал дегидратация ыкмасы каралган. Өзгөчө көңүл ооз суюктугунун микрокристаллдашуу көрсөткүчүнө инвазивдүү эмес, жөнөкөй жана кайра кайталануучу диагностикалык критерий катары бурулган. Кургатылган ооз суюктугунун тамчысынын кристаллдык түзүлүшүн сапаттык жана сандык жактан баалоо жаак-бет аймагынын инфекциялык-сезгенүү ооруларында, өнөкөт одонтогендик синуситте, денталдык имплантациядан кийинки сезгенүү татаалдашууларында, өнөкөт фарингитте, ВИЧ-инфекцияланган бейтаптардагы сезгенүү ооруларында, шилекей таш оорусунда жана башка патологиялык абалдарда колдонулушу мүмкүн экени көрсөтүлгөн. Микрокристаллдашуу көрсөткүчүнүн өзгөрүшү патологиялык процесстин бар экенин, анын оордугун, жүрүшүнүн динамикасын жана дарылоо-профилактикалык иш-чаралардын натыйжалуулугун объективдүү баалоого мүмкүндүк берери белгиленген. Жыйынтыгында ооз суюктугунун микрокристаллдашуусун изилдөө жогорку клиникалык мааниге ээ экени жана жаак-бет аймагынын ооруларын диагностикалоо жана божомолдоо үчүн саламаттык сактоо практикасына натыйжалуу инвазивдүү эмес система катары киргизүү перспективдүү экени көрсөтүлгөн.
Негизги сөздөр
микрокристаллдашуу көрсөткүчү, ооз суюктугу, кристаллдашуу, фация, божомолдоо, инфекциялык-сезгенүү процесси, жаак-бет аймагыЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар