Том 14, № 2, 2022 / Барактар 34-36

ШИЛЕКЕЙ БЕЗИНИН ТАШ ООРУСУ МЕНЕН ООРУГАН БЕЙТАПТАРДЫ ОРГАНДЫ САКТООЧУ ДАРЫЛОО

Аннотация

Макала шилекей безинин таш оорусу менен ооругандарды органды сактоочу ыкмалар менен дарылоону изилдөөгө арналган. Эмгекте 2003-жылдан азыркы убакка чейин авторлор тарабынан текшерилип жана дарыланган 620 бейтаптын жыйынтыктары берилген. Комплекстүү дарылоонун алкагында 144 бейтапка сиалолитотрипсия жүргүзүлүп, 476 бейтапка кулак алдындагы же жаак алдындагы шилекей безинин түтүкчөлөрүнүн ар кайсы бөлүктөрүнөн таш хирургиялык жол менен алынган. Дарылоодон кийин бейтаптар 16 жылга чейинки мөөнөттө көзөмөлдөнгөн. Изилдөөнүн жыйынтыгында литотрипсия 63% бейтапта толук сакайууга, 31% учурда жакшырууга алып келгени, ал эми 6% бейтапта өзгөрүү болбогону аныкталган. Ошондой эле жаак алдындагы түтүктүн арткы бөлүктөрүндөгү таштарды хирургиялык жол менен алып салуу көпчүлүк учурларда натыйжалуу болгону көрсөтүлгөн. Изилдөөнүн натыйжалары шилекей безинин таш оорусунда конкремент кулак алдындагы же жаак алдындагы түтүкчөлөрдүн дисталдык бөлүктөрүндө жайгашкан учурда безди алып салууга негиз жок экенин далилдейт. Ташты алып салгандан кийин бездин функциясы калыбына келет, бул органды сактоочу дарылоо ыкмаларынын жогорку клиникалык маанисин ырастайт.

Негизги сөздөр

сиалолитотрипсия, шилекей ташы, шилекей бези

Цитаталоо

APA Style
Abdusalamov, М., Afanasyev, V. & Kurbanov, S. (2022). ORGAN-PRESERVING TREATMENT OF PATIENTS WITH SALIVARY STONE DISEASE. Eurasian Health Journal, 14(2), 34-36. https://doi.org/10.54890/1694-6405
Copied!
Vancouver Style
Abdusalamov, М., Afanasyev, V., Kurbanov, S.. ORGAN-PRESERVING TREATMENT OF PATIENTS WITH SALIVARY STONE DISEASE. Eurasian Health J. 2022;14(2):34-6. https://doi.org/10.54890/1694-6405
Copied!

Колдонулган булактар

Жарыялоо процессиндеги булактар