Том 14, № 2, 2022 / Барактар 20-25

ТӨМӨНКҮ ЖААКТЫН ОПЕРАЦИЯДАН КИЙИНКИ КЕМТИКТЕРИН КАЙРАДАН КАН ЖҮГҮРТҮЛГӨН ЖАНА КАН ЖҮГҮРТҮЛБӨГӨН АУТОТРАНСПЛАНТТАР МЕНЕН ТОЛУКТООНУН МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ

Аннотация

Макала төмөнкү жаактын шишиктери жана шишик сымал түзүлүштөрү боюнча резекциядан кийинки пайда болгон кемтиктерин калыбына келтирүүдө кайрадан кан жүгүртүлгөн жана кан жүгүртүлбөгөн аутотранспланттарды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн баалоого арналган. Изилдөөгө резекция, гемирезекция жана муунду ажыратуу менен жасалган субтоталдык резекциядан кийин төмөнкү жаак кемтиги пайда болгон 43 бейтап киргизилген. Клиникалык абалга жараша реконструкция үчүн жамбаш сөөгүнүн кырынан алынган кан жүгүртүлбөгөн трансплантаттар, ошондой эле билек сөөгүнөн жана кичи жилик сөөгүнөн алынган кан жүгүртүлгөн трансплантаттар реконструктивдик титан пластиналары жана минипластиналар менен айкалыштырылып колдонулган. Трансплантатты тандоо кемтиктин мүнөзүнө, көлөмүнө жана төмөнкү жаактын үзгүлтүксүздүгүнүн сакталышына жараша аныкталганы көрсөтүлгөн. Авторлордун пикири боюнча, жаактын үзгүлтүксүздүгү сакталбаган кеңири кемтиктерди калыбына келтирүүдө эң натыйжалуу пластикалык материал болуп кичи жилик сөөгүнөн алынган кан жүгүртүлгөн аутотрансплантат эсептелет. Ошондой эле реконструктивдик титан импланттарын колдонуу төмөнкү жаактын калган бөлүктөрүнүн анатомиялык абалын сактоого жана кошумча жаак аралык иммобилизациядан баш тартууга мүмкүндүк бергени белгиленген. Изилдөөнүн жыйынтыктары сунушталган ыкманын жогорку натыйжалуулугун далилдейт, анткени оң натыйжалар операция жасалган бейтаптардын 95%ында алынган.

Негизги сөздөр

төмөнкү жаактын резекциясы, титан пластиналары, кан жүгүртүлгөн жана кан жүгүртүлбөгөн аутотрансплантаттар

Цитаталоо

APA Style
Toktosunov, А., Toktosunova, S. & Logvinenko, М. (2022). POSSIBILITIES OF THE USE OF REVASCULARIZED AND NONVASCULARIZED AUTOGRAFTS IN RECOVERY OF POSTOPERATIVE LOWER JAW DEFECTS. Eurasian Health Journal, 14(2), 20-25. https://doi.org/10.54890/1694-6405
Copied!
Vancouver Style
Toktosunov, А., Toktosunova, S., Logvinenko, М.. POSSIBILITIES OF THE USE OF REVASCULARIZED AND NONVASCULARIZED AUTOGRAFTS IN RECOVERY OF POSTOPERATIVE LOWER JAW DEFECTS. Eurasian Health J. 2022;14(2):20-5. https://doi.org/10.54890/1694-6405
Copied!

Колдонулган булактар

Жарыялоо процессиндеги булактар