Аннотация
Азыркы убакытка чейин хирургиялык стоматологиялык кийлигишүүлөрдү жасоодо ооруну сездирбөө көйгөйү практикалык стоматологиянын маанилүү маселелеринин бири болуп саналат. Изилдөөнүн максаты – периодонтиттери бар бейтаптардын тишин жулуу операциясын аткарууда психотерапиянын суггестивдик ыкмалардын варианттарын колдонууну экономикалык баалоо. Фармаэкономикалык натыйжалуулукту баалоо үчүн 2 топ түзүлгөн: негизги топ - 41 бейтапта тишти жулуу операциясы гипносуггестивдик анестезиянын ыкмаларын колдонуу менен жасалган. Салыштырылуучу топту 36 бейтап түзгөн, аларда тишти жулуу операциясы жулуна турган жерге анестезия жасоонун ыкмаларын колдонуу менен аткарылган. Медициналык-экономикалык натыйжалуулук 1,3 эсеге көп болгон.
Негизги сөздөр
периодонтит, гипносуггестивдик анестезия, тишти жулуу, экономикалык баалооЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар