Том 14, № 3, 2022 / Барактар 18-24

КУРЧ ПАНКРЕАТИТ МЕНЕН ООРУГАН БЕЙТАПТАРДЫ ПРОГРАММАЛЫК ДАРЫЛОО

Аннотация

Макалада эндотоксикоздун оордугун эске алуу жана кандагы амилазанын, С-реактивдүү белоктун, прокальцитониндин, альбуминдин денгээлин аныктоо жана ультра-үндүү изилдөөнүн натыйжаларын көрсөтүү менен 127 бейтаптын курч панкреатитин дарылоонун натыйжалары берилген. Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн негизинде бейтаптар үч топко бөлүндү: 27де эндотоксикоздун жеңил даражасы (21,3%), 57синде орточо даража (44,9%) жана 43үндө (33,8%) оор деп табылган. Курч панкреатит менен ооругандарды дарылоонун натыйжаларын жакшыртууга бул оорунун этиопатогенезинин бардык звенолоруна тийгизген таасирин эске алуу менен программаланган дарылоону колдонуу менен жетишүүгө болот. Эндотоксикоздун оордугу бетапты кабыл алууда гана эмес, ошондой эле оорунун жүрүшүнүн динамикасында да аныкталууга тийиш. 117 бейтапта консервативдик дарылоо, 10 бейтапта хирургиялык дарылоо колдонулган. 1 бейтап (0,8%) өлүмгө учураган.

Негизги сөздөр

уйку бези, курч панкреатит, консервативдик жана хирургиялык дарылоо, татаалдашуу, өлүм

Цитаталоо

APA Style
Ibraimov, D., Esenbaev, Zh. & Zhusup uulu, U. (2022). PROGRAMMED MANAGEMENT OF PATIENTS WITH ACUTE PANCREATITIS. Eurasian Health Journal, 14(3), 18-24. https://doi.org/10.54890/1694-6405
Copied!
Vancouver Style
Ibraimov, D., Esenbaev, Zh., Zhusup uulu, U.. PROGRAMMED MANAGEMENT OF PATIENTS WITH ACUTE PANCREATITIS. Eurasian Health J. 2022;14(3):18-24. https://doi.org/10.54890/1694-6405
Copied!

Колдонулган булактар

Жарыялоо процессиндеги булактар