Том 14, № 4, 2022 / Барактар 38-46

ТОПУРАК ОЧОКТОРУН ЗЫЯНСЫЗДАНДЫРУУ ЫКМАСЫН ИШТЕП ЧЫГУУ

Аннотация

Мамлекеттин келечектүү өнүгүшүнө тоскоол болгон сибирь жарасынын топурак очокторун зыянсыздандыруу жана жоюу дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү үчүн актуалдуу көйгөйлөрдүн бири болуп саналат. Иштин жүрүшүндө шурф казуу ыкмасын жана топуракты эритме менен нымдоо ыкмасын колдонуу менен мал көмүлгөн жерлердин үстүңкү жана терең катмарларын зыянсыздандыруу мүмкүнчүлүгү боюнча эксперименталдык изилдөөлөр жүргүзүлдү. Изилдөө үчүн аянты 1,0 х 1,0 м болгон үч эксперименттик аянтча даярдалып, анда иштетилүүчү топурак табигый жаткан боз топурак тибинде болгон. Ар бир тажрыйбалык аянтча өзүнө тиешелүүлүгүнө жараша бири-биринен 1,0 м, 80,0 см жана 50,0 см аралыкта жайгашкан 4 шурфту камтыган. Скважиналар толтурулуп, үстү толук нымдалгандан кийин, суюктуктун бууланып кетишин болтурбоо үчүн ар бир аянтчанын үстүнө кошумча полиэтилен пленка жабылган. Топурактын бардык көлөмүнүн нымдалышын көзөмөлдөө үчүн 3 сутканын ичинде күн сайын ар бир эксперименттик аянтчада көзөмөлдөөчү скважиналарды бургулоо жүргүзүлгөн: төрт шурфтун ортосундагы борбордо; эки коңшу тешиктин ортосунда; ошондой эле четки шурфтан ар кандай аралыкка карай. Эксперименттер көрсөткөндөй, топуракты толук иштетүү үчүн, башкача айтканда, топурак очогунун бардык тереңдиги боюнча, шурфтардын ортосундагы эң ылайыктуу аралык 50 см болуп саналат. Мында бир скважинаны толтуруу үчүн керектелүүчү эритменин көлөмү шурфтун диаметри 15 см жана бургулоо тереңдиги 3,0 м болгондо 35,0 лден 38,0 лге чейин түзөт. Мындан тышкары, аянты 1,0 х 1,0 м болгон иштетилүүчү аянтчанын үстүн бир жолку толук нымдоо үчүн 35,0 лден 37,0 лге чейин эритме талап кылынат. Жалпысынан алганда, толук жана сапаттуу нымдоо үчүн ар бир шурфту 24 сааттык интервал менен үч жолу толтуруу жана бүт эксперименттик аянтчанын үстүн да үч жолу нымдоо зарыл.

Негизги сөздөр

топурак очогу, мал көмүлгөн жайлар, зыянсыздандыруу, шурфтар, эритме, сибирь жарасы

Цитаталоо

APA Style
Suсhshikh, V., Kanatov, B., Yusupov, M., Dyusenov, S. & Karimov, А. (2022). DEVELOPMENT OF A METHOD FOR DISINFECTION OF SOIL FOCI. Eurasian Health Journal, 14(4), 38-46. https://doi.org/10.54890/1694-6405_2022_4_38
Copied!
Vancouver Style
Suсhshikh, V., Kanatov, B., Yusupov, M., Dyusenov, S., Karimov, А.. DEVELOPMENT OF A METHOD FOR DISINFECTION OF SOIL FOCI. Eurasian Health J. 2022;14(4):38-46. https://doi.org/10.54890/1694-6405_2022_4_38
Copied!

Колдонулган булактар

Жарыялоо процессиндеги булактар