Том 14, № 5, 2022 / Барактар 137-143

БАЛА КУРАГЫНДАГЫ БРОНХ ОБСТРУКЦИЯСЫ

Аннотация

Бул макалада курч мүнѳздѳгү бронхиолит (КМБ) жана курч мүнѳздѳгү обструктивдик бронхиолит (КОБ) дарттары менен 2017-2018-жылдары Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына жаткырылган 1 айдан 3 жашка чейинки курактагы 68 баланын медициналык документтерин ретроспективдүү изилдөөнүн жыйынтыктары талкууланат. Бир жаштагы пациенттерде бронхиолиттин өнүгүү жыштыгына карабастан (68%), оорунун оор түрлөрү 1-3 жаштагы балдарда (23,8%) катталган. Эки жаштан жогорку балдарда БОС орто оор формада ѳтүп, бронх обструкциясы жана демигүү деңгээли анча (66,6%) ѳѳрчүбѳйт. Бул дарттын орто оор формасы 70,5% (n=48) балдарда жана оор формасы 29,5% (n=20) байкалган. КМБ жана КОБ белгилери 86,7% балдарда рентгенографиялык изилдѳѳдѳ аныкталган. БОС дартынын орто жана оор формаларында кандын курамында лейкоциттер жана СОЭ жогорулаган.

Негизги сөздөр

курч мүнѳздѳгү бронхиолит, курч мүнѳздѳгү обструктивдик бронхиолит, дем алуунун жетишсиздиги

Цитаталоо

APA Style
Sulaimanov, Sh., Mamanov, А., Chernycheva, E. & Sagatbayeva, N. (2022). BRONCHIAL OBSTRUCTION SYNDROME IN CHILDREN. Eurasian Health Journal, 14(5), 137-143. https://doi.org/10.54890/1694-6405_2022_5_137
Copied!
Vancouver Style
Sulaimanov, Sh., Mamanov, А., Chernycheva, E., Sagatbayeva, N.. BRONCHIAL OBSTRUCTION SYNDROME IN CHILDREN. Eurasian Health J. 2022;14(5):137-43. https://doi.org/10.54890/1694-6405_2022_5_137
Copied!

Колдонулган булактар

Жарыялоо процессиндеги булактар