Аннотация
Макала балдар жана өспүрүмдөр арасындагы социалдык маанилүү оорулардын спецификалык прогностикалык жана диагностикалык маркерлерин издөө менен байланышкан заманбап педиатриянын актуалдуу маселесине арналган. Эндотелий экзогендик жана эндогендик таасирлерге жооп катары кан тамыр жана ткандардын гомеостазын калыбына келтирүүгө багытталган ар түрдүү молекулаларды бөлүп чыгаруучу рецептордук-эффектордук орган катары каралат. Бир жагынан, эндотелий гомеостаз, гемостаз жана сезгенүү менен байланышкан дээрлик бардык процесстерге катышат, экинчи жагынан, ал чоңдордо, балдарда жана өспүрүмдөрдө ар кандай оорулардын патогенезиндеги биринчи звено болуп саналат. Азыркы учурда эндотелиалдык дисфункция эндотелийге көз каранды процесстердин нормалдуу жүрүшүн камсыз кылуучу медиаторлордун тең салмаксыздыгы менен мүнөздөлгөн абал катары түшүндүрүлөт. Эндотелиалдык дисфункциянын жүрөк-кан тамыр, дем алуу системасынын оорулары жана метаболикалык бузулуулар патогенезиндеги ролу далилденгендигине байланыштуу эндотелин-1 прогноздук жана диагностикалык маркер катары каралышы мүмкүн. Изилдөөнүн максаты WoS, Scopus жана РИНЦ базалары боюнча адабият маалыматтарын талдоо жана жалпылоо болгон. Клиникалык жана эксперименталдык маалыматтардын негизинде эндотелиалдык дисфункциянын маркерлерин, анын ичинде кан сывороткасындагы эндотелин-1 деңгээлин колдонуу балалык жана өспүрүм куракта манифестацияланган социалдык маанилүү оорулардын оордугун баалоодо пайдаланылышы мүмкүн деген тыянак чыгарылган.
Негизги сөздөр
эндотелий, эндотелиалдык дисфункция, эндотелин-1, прогностикалык маркер, социалдык маанилүү оорулар, балдар, өспүрүмдөрЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар