Аннотация
Бул макалада Бишкек шаарындагы Шашылыш медициналык жардам клиникалык ооруканасынын травматология бөлүмүндө 2019-жылдан бери жүргүзүлүп келе жаткан улгайган жана кары курактагы адамдардын проксималдык сан сөөктөрүнүн сыныктарын хирургиялык дарылоонун рандомизацияланган изилдөөсүнүн алгачкы жыйынтыктары берилген. Изилдөөгө 119 бейтап киргизилген. Изилдөөдө сыныктын чектелиши жана морфологиясы AO/ASIF классификациясы боюнча так айырмаланып каралган, бул так топикалык диагноз коюуда, операциялык ыкманы тандоодо жана дарылоонун акыркы натыйжаларына баа берүүдө маанилүү роль ойнойт. Изилдөөнүн жүрүшүндө кары курактагы бейтаптар улгайган курактагыларга салыштырмалуу эки эсе көп экени аныкталган, бул остеопороздун кеңири таралышы жана жашоо узактыгынын өсүшү менен түшүндүрүлгөн. Макалада хирургиялык дарылоонун ар кандай түрлөрү, анын ичинде DHS, DCN, пластина менен остеосинтездөө жана гемиартропластика салыштырылып талданган. Туура дарылоо тактикасын тандоодо клиникалык диагностика менен бейтапты комплекстүү изилдөө негизги шарт экени баса белгиленет. Ошондой эле заманбап медициналык технологиялардын өнүгүшү травматология жана ортопедия тармагында жаңы хирургиялык ыкмаларды колдонууга өбөлгө түзөрү көрсөтүлгөн.
Негизги сөздөр
сан сөөк, проксималдык бөлүк, остеосинтез, улгайган жана кары куракЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар