Аннотация
Бул макалада Кыргызстандын коомдук турмушунда аялдын салттуу жана заманбап доордогу орду каралат. Кыргыз коомунда аялдын ролу менен макамынын өзгөрүшү аныкталып, гендердик теңчилик принциптерин сактоо жана азыркы аялдардын саясий, экономикалык, социалдык, маданий жана адеп-ахлактык маселелерди чечүүгө катышуусунун шарттары ачылып берилет. Өзгөчө көңүл салттуу кыргыз үй-бүлөсүндөгү аялдын абалынын тарыхый өзгөчөлүктөрүнө, аял эмгегинин маанисине, тарбия берүүчү функциясына, ошондой эле аял-уздардын маданий мурастарды сактоого жана жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө кошкон салымына бурулган. Макалада Кыргызстанда аялдарды саясий бийликтин бардык деңгээлдерине илгерилетүүнүн негизги багыттары чагылдырылып, алардын башкаруу түзүмдөрүнө жана чечим кабыл алуу процесстерине катышуусунун зарылдыгы негизделген. Гендердик теңчиликти камсыз кылуу, аялдардын саясий өкүлчүлүгүн кеңейтүү жана алардын экономикалык активдүүлүгүн колдоо заманбап кыргыз коомунун туруктуу өнүгүшүнүн маанилүү шарттары катары белгиленет.
Негизги сөздөр
салт, адеп-ахлак, маданий мурас, билим берүү, гендердик саясат, дискриминация, аял, бийлик, коом, мамлекет, туруктуу өнүгүүЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар