Аннотация
Макалада авторлор ачык аппендэктомия ыкмаларынан кийин татаалдашуулардын саны көбөйүп жатканын белгилешет, бирок балдардагы аппендициттин татаалдашкан формаларын ачык ыкма менен дарылоо бүгүнкү күндө да актуалдуу бойдон калууда, анткени перитонит менен татаалдашкан аппендицитти дарылоонун жыйынтыгы көп жагынан туура хирургиялык тактикага жана перитониттин булагын ишенимдүү жоюуга байланыштуу. Изилдөөнүн максаты ич көңдөйүн дренаждоо жана рН чөйрөсүн коррекциялоо менен балдардагы аппендикулярдык перитонитти дарылоонун салыштырма жыйынтыктарын изилдөө болгон. 2018–2020-жылдары аппендициттен улам перитонит менен татаалдашкан жана операция жасалган 189 бейтап байкоого алынган. Изилдөөдө операциядан кийинки биохимиялык кан көрсөткүчтөрү патологиялык процесстин оордугун жана динамикасын так чагылдырбаганы, ал эми сезгенүү активдүүлүгүнүн эң сезимтал көрсөткүчү катары С-реактивдүү белок аныкталганы көрсөтүлгөн. Ачык аппендэктомия учурунда жана андан кийинки комплекстүү дарылоодо ич көңдөйүнүн рН чөйрөсү изилденип, оң мықын аймагы аркылуу перчаткалуу дренаж менен ич көңдөйү дренаждалып, экинчи суткада 1 мл көлөмүндө 0,5% салицил кислотасы киргизилген. Комплекстүү дарылоонун натыйжаларын талдоодо салицил кислотасын колдонуу 5-суткадан тартып рН чөйрөсүнүн нормалдашуусуна алып келгени жана бул бейтаптын жалпы клиникалык абалынын жакшырышы менен дал келгени аныкталган. Авторлор салицил кислотасын колдонуу менен аппендикулярдык перитонитти комплекстүү дарылоо балдарда операциядан кийинки эрте жана кеч мезгилдеги акыркы жыйынтыктарды 4,3% жакшыртарын жыйынтыкташат.
Негизги сөздөр
курч аппендикулярдык перитонит, мээлей дренажы, ич көңдөйү, микрофлора, бактериялык себүү, салицил кислотасы, рН чөйрө, балдарЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар