Том 15, № 5, 2023 / Барактар 139-146

БРОНХИАЛДЫК АСТМАСЫ БАР БАЛДАР ЖАНА ӨСПҮРҮМДӨРДӨ ВАКЦИНАЦИЯНЫН МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ ЖӨНҮНДӨ ЗАМАНБАП ТҮШҮНҮК (АДАБИЯТКА ОБЗОР)

Аннотация

Бүгүнкү күндө бронхиалдык астма дем алуу органдарынын эң кеңири таралган өнөкөт жугуштуу эмес ооруларынын бири бойдон калууда, бул аны саламаттык сактоо системасы үчүн дүйнөлүк көйгөйгө айлантат. Балдарды жана өспүрүмдөрдү жүргүзүү боюнча заманбап эл аралык жана улуттук сунуштамаларда оорунун патогенетикалык механизмдеринде респиратордук инфекциялардын маанилүү ролу өзгөчө белгиленет. Респиратордук инфекциялар бронхиалдык астманын фенотиптик ишке ашышын аныктап, балдар менен өспүрүмдөрдө анын күчөшүнүн эң кеңири таралган триггери болуп саналат. Вирустардын бронх дарагынын былжыр челине тийгизген таасири жана бактериялар менен колонизацияланышы микробдук жабыркоого жана сезгенүүгө алып келет, мунун натыйжасында аллергендердин өтүүсү жеңилдеп, бронхиалдык астманын күчөшүү коркунучу жогорулайт. Берилген системалаштырылган адабияттык обзор бронхиалдык астмасы бар бейтаптарды активдүү иммунизациялоонун натыйжалуулугун көрсөтөт. Бронхиалдык астмасы бар балдар жана өспүрүмдөрдө респиратордук тракт инфекцияларынын алдын алуу үчүн вакциналарды салттуу терапия ыкмалары менен айкалыштырып колдонуу ооруканага жаткырууларды азайтууга, оорунун белгилерин көзөмөлдөө деңгээлин жакшыртууга жана жашоо сапатын жогорулатууга алып келет.

Негизги сөздөр

балдар, өспүрүмдөр, бронхиалдык астма, пневмококк инфекциясы, вакцинопрофилактика, грипп

Цитаталоо

APA Style
Fayzullina, R., Gafurova, R., Chernyshova, A., Kazakova, I. & Bogomolova, Е. (2023). MODERN UNDERSTANDING OF THE POSSIBILITIES OF VACCINATION IN CHILDREN AND ADOLESCENTS WITH BRONCHIAL ASTHMA (LITERATURE REVIEW). Eurasian Health Journal, 15(5), 139-146. https://doi.org/10.54890/1694-6405_2023_5_139
Copied!
Vancouver Style
Fayzullina, R., Gafurova, R., Chernyshova, A., Kazakova, I., Bogomolova, Е.. MODERN UNDERSTANDING OF THE POSSIBILITIES OF VACCINATION IN CHILDREN AND ADOLESCENTS WITH BRONCHIAL ASTHMA (LITERATURE REVIEW). Eurasian Health J. 2023;15(5):139-46. https://doi.org/10.54890/1694-6405_2023_5_139
Copied!

Колдонулган булактар

Жарыялоо процессиндеги булактар