Том 15, № 5, 2023 / Барактар 100-109

БАЛДАРДАГЫ КУРЧ ГЕМАТОГЕНДИК ОСТЕОМИЕЛИТТИ ДИАГНОСТИКАЛОО ЖАНА ДАРЫЛОО БОЮНЧА УЧУРДАГЫ СУНУШТАР (АДАБИЯТТАР СЕРЕБИ)

Аннотация

Макала балдардагы курч гематогендик остеомиелитти диагностикалоо жана дарылоо боюнча учурдагы түшүнүктөргө арналган. Балдардагы ириңдүү-септикалык оорулар бүгүнкү күнгө чейин саламаттык сактоонун актуалдуу көйгөйлөрүнүн бири бойдон калууда, ал эми сөөк ткандарынын терең жабыркашы процесстин татаалдашып, өнөкөт түргө өтүү коркунучу жогору болгондуктан, балдар хирургдары, травматолог-ортопеддер жана реаниматологдор үчүн өзгөчө кызыгууну жаратат. Макалада PubMed, ScienceDirect, Cochrane, Google Scholar жана eLibrary маалымат базаларында жарыяланган, балдардагы курч гематогендик остеомиелиттин диагностикасы жана дарылоосу боюнча илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктары талданып, системалаштырылган. Азыркы заманбап диагностикалык ыкмалар кеңири колдонулуп жаткандыгына карабастан, ар кандай текшерүү методдорун колдонууга так көрсөткүчтөр, диагностикалык иш-чаралардын мөөнөтү жана ырааттуулугу боюнча маселелер дагы эле талаштуу бойдон калары белгиленет. Дарылоонун негизги багыты катары микробго каршы препараттарды колдонуу, ошондой эле антибиотикке туруктуулуктун өсүшүн чектөөгө багытталган чараларды иштеп чыгуу каралат. Мындан тышкары, хирургиялык дарылоонун тактикасын тандоо, операцияга көрсөтмөлөрдү жана аны аткаруунун мөөнөттөрүн аныктоо маселелери дагы толук чечиле элек экени баса белгиленген. Диагностикалык ыкмаларды жана бейтаптарды жүргүзүү тактикасын өркүндөтүү балдардагы курч гематогендик остеомиелитти дарылоонун эрте жана алыскы натыйжаларын жакшыртууга, жашоо сапатын жогорулатууга жана майып болуу коркунучун төмөндөтүүгө өбөлгө түзөрү жыйынтыкталган. Бул багыттагы мындан аркы терең изилдөөлөр сапаттуу жана коопсуз медициналык жардам көрсөтүүнү камсыздоого багытталган актуалдуу жана талап кылынган милдет катары бааланат.

Негизги сөздөр

балдардагы остеомиелит, эпифиздик остеомиелит, сөөк ткандарынын бузулушу, микробго каршы препараттар, антибиотикке туруктуулук, балдар хирургиясы

Цитаталоо

APA Style
Omurbekov, Т., Mirzaev, U. & Miklukhin, D. (2023). MODERN CONCEPTS OF DIAGNOSIS AND TREATMENT OF ACUTE HEMATOGENOUS OSTEOMYELITIS IN CHILDREN (LITERATURE REVIEW). Eurasian Health Journal, 15(5), 100-109. https://doi.org/10.54890/1694-6405_2023_5_100
Copied!
Vancouver Style
Omurbekov, Т., Mirzaev, U., Miklukhin, D.. MODERN CONCEPTS OF DIAGNOSIS AND TREATMENT OF ACUTE HEMATOGENOUS OSTEOMYELITIS IN CHILDREN (LITERATURE REVIEW). Eurasian Health J. 2023;15(5):100-9. https://doi.org/10.54890/1694-6405_2023_5_100
Copied!

Колдонулган булактар

Жарыялоо процессиндеги булактар