Аннотация
Өнөкөт гранулематоздук оору – бул тукум куучулук биринчилик иммундук жетишсиздик болуп, анын себеби фагоцитоздун генетикалык дефектиси болуп саналат. Бул оору лейкоциттердин активдүү кычкылтек формаларын синтездей албай, микроорганизмдерди фагоциттөй албай тургандыгы менен мүнөздөлөт, анткени НАДФ-оксидаза ферментинин жетишсиздиги бар, бул бейтапты бактериялык жана козу карындуу инфекцияларга жогорку сезгич кылат. Бул патологиянын кездешүү жыштыгы 1:100 миңден 1:200 миңге чейин өзгөрөт. Биздин маалыматтарга ылайык, 60% учурларда оору X-хромосомага байланыштуу мурасталат, ал эми 40% учурларда аутосомдук рецессивдүү жол менен мурасталат. Эң көп кездешкен жана тараган формасы – CYBB гениндеги мутация менен шартталган X-хромосомага байланыштуу өнөкөт гранулематоздук оору, бул эркек бейтаптарда оору көп кездешүүсүн түшүндүрөт. Өнөкөт гранулематоздук оору бардык органдарда (өкө; терис, боор, лимфа бездери, бөйрөк-жыныс системасы, ичегилер) кайталануучу инфекциялар менен мүнөздөлүп, сезгенүүчү гранулемалар, абсцесстер жана свищтерди пайда кылат; кеңири өпкө ткандарына жана плеврага жеткен оор пневмония өнүгүшү мүмкүн. Макалада өнөкөт гранулематоздук оору менен ооругандардын таралуусу, клиникалык көрүнүштөрү жана дарылоо боюнча маалыматтар берилген, ошондой эле 5 жаштагы баланын бул оору менен клиникалык байкоосу баяндалган. Ошондой эле рутиндик педиатриялык практикада биринчилик иммундук жетишсиздикти аныктоонун кыйынчылыктары, педиатр дифференциалдык диагноз планда бул абалды эске алышы керектиги белгиленген
Негизги сөздөр
балдар; биринчилик иммундук жетишсиздик; өнөкөт гранулематоздук ооруЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар