Том 16, № 1, 2024 / Барактар 67-71

Мектепке чейинки балдардын күн тартибинде уйкунун мааниси (адабияттарга сереп)

Кабыл алынган убакыт 04.10.2023
Түзөтүлгөн 21.02.2024
Кабыл алынган 22.03.2024

Аннотация

Мектепке чейинки балдардын күн тартибинде уйку алардын ден соолугуна таасир этүүчү маанилүү аспектилердин бири болуп саналат. Бул изилдөө мектепке чейинки мекемелерде балдардын күн тартибинде уктоонун маанилүүлүгү жөнүндө илимий маалыматтарды жалпылоо максатында жүргүзүлдү. Макалада акыркы беш жылдын ичинде балдар билим берүү мекемелериндеги мектепке чейинки балдардын уктоо режимин талдоонун жыйынтыгы келтирилген. Изилдөө «уйку», «күн тартиби», «күндүзгү уйку», «балдар», «мектепке чейинки жаш курак», «мектепке чейинки билим берүү мекемелер» ж.б. сөз жана алардын айкалыштарын заманбап “Google Scholar”, PubMed.gov, e-library, Wiley маалымат базаларынан издөө аркылуу жүргүзүлдү. Илимий-изилдөө жумуштарын кылдат талдап чыгуунун натый-жасында бул темадагы изилдөөлөр ар түрдүү өлкөлөрдүн, ошондой эле биздин республикабыздын окумуштуулары тарабынан жүргүзүлгөндүгүн көрсөттү. Бирок, бул маселе дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да актуалдуу бойдон калууда. Себеби, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин күн тартибинде күндүзгү уйку өзүнчө маанилүү компоненти катары жетиштүү изилдене элек

Негизги сөздөр

уйку; күн тартиби; күндүзгү уйку; балдар; мектепке чейинки жаш курак; мектепке чейинки билим берүү мекемелери

Цитаталоо

APA Style
Amanova, Zh. & Atambaeva, R. (2024). The importance of sleep in the daily regime of preschool children (literature review). Eurasian Health Journal, 16(1), 67-71. https://doi.org/10.54890/EHJ-2024-1-67
Copied!
Vancouver Style
Amanova, Zh., Atambaeva, R.. The importance of sleep in the daily regime of preschool children (literature review). Eurasian Health J. 2024;16(1):67-71. https://doi.org/10.54890/EHJ-2024-1-67
Copied!

Колдонулган булактар

Жарыялоо процессиндеги булактар