Том 16, № 2, 2024 / Барактар 171-174

Кыргыз тилин жана адабиятын окутуудагы компетенттүүлүк маселелери

Кабыл алынган убакыт 07.11.2023
Түзөтүлгөн 15.03.2024
Кабыл алынган 09.05.2024

Аннотация

Кыргыз тили жана кыргыз адабият дисциплиналары инсандын көп түрдүү, өзгөрүп жаткан, зарылчылыкты камсыз кылуусуна  Кыргыз Республикасынын мектептери, окуу жайлардагы билим берүүсүнүн дүйнө жүзүндөгү билим берүү системаларынын өнүгүүлөрүн эске алуу менен инсандын муктаждыктарына жараша аныкталган. Жогорку окуу жайларындагы студенттердин оозеки кеп ыктарын өстүрүү маселеси каралган, окуучуларды мыкты сүйлөөгө жетиштирүүнүн жана бул маселелерди чечүүнүн мүмкүн болгон жолдору иштелип чыккан. Кыргыз тилиндеги окуу жайларын, окуу материалдарын мамлекеттик тилдерге өткөрүү, окуучуларга адаптациялоо жана стратегияларды үйрөтүү менен байланыштырылган маселелер камтылат. Эң башкысы окуучулар өзүнүн жасаган иштери, жашоосу үчүн жоопкерчиликтүү, чыгармачыл инсан болууга шарт түзүлүүдө. Максатыбыз- окуучулардын изилдөөгө, ар түрдүү долбоор жазууга, максат коюу жана ага жетүүгө шарт түзүү. Мамлекеттик стандарт компетенттик негизде билим берүү тутумун курууну камсыз кылган жана коомдун социалдык тапшырыгы менен мектептик билим берүүнү жөнгө салуу документтеринин (же куррикулум) тутуму аркылуу жүзөгө ашырылат: 1) предметтик стандарттар; 2) окуу пландары; 3) окуу-методикалык комплекстер. Мамлекеттик стандарт предметтик стандарттарды, окуу планын жана негизги билим берүү программаларын иштеп чыгуу үчүн негиз болуп саналат

Негизги сөздөр

тенденциялар; тилдик маданий; максат-милдеттер; социалдык компетенттүүлүк; маалыматтык компетенттүүлүк; коммуникативдик; инсан тарбиялоо

Цитаталоо

APA Style
Duishenalieva, Zh. (2024). The problem of competence in teaching Kyrgyz language and literature. Eurasian Health Journal, 16(2), 171-174. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2024-2-171
Copied!
Vancouver Style
Duishenalieva, Zh.. The problem of competence in teaching Kyrgyz language and literature. Eurasian Health J. 2024;16(2):171-4. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2024-2-171
Copied!

Колдонулган булактар

Жарыялоо процессиндеги булактар