Аннотация
Жапыз тоолуу аймакта жүргүзүлгөн илимий тажрыйбанын негизинде балтыр сөөгүнүн диафизининок тийген жаракаттардагы сөөк тканынын өзгөрүшү изилденген. Илимий тажрыйбалар 2015 жылы, жапыз тоолуу аймактын шарттарында (Бишкек шаары, деңиз деңгээлинен 780 м бийиктикте) ок тийген жаракатардын жасалма түрүндө иштелип чыккан моделин породасыз иттерге колдонуп, Илизаровдун аппаратын орнотушкан. Морфологиялык изилдөө 2 ай боюкеңири колдонулган гистологиялык ыкмалар аркылуу жүргүзүлгөн. Сөөк тканындагы тамырлардын, остеондордун, сөөк клеткаларынын саны жанаостеон түтүкчөлөрүнүн өлчөмү аныкталган.Бардык препараттарды иштетүүнүн этаптары гистологиялык объекттерди көлөмдүк изилдөө ыкмаларынын негизине ылайык өткөрүлгөн. Изилдөөдө жаракаттын толук консолидациясы байкалган. Туруктуу очоктон сырткары бекемдөөнүн негизиндеги компрессиялык-дистракциялык остеосинтез ыкмасы жаракат алган булчуң муунду калыбына келтирүү жана кайрадан жаралуусу үчүн оптималдуу шарттарды камсыз кылат. Г.А. Илизаровдун компрессиялык-дистракциялык ыкмасын колдонуудаангиогендик таасир жана репаративдик процесстер болоору аныкталды. Изилдөөдөн алынган натыйжалар очоктон сырткары бекемдөөнүн негизиндеги компрессиялык- дистракциялык остеосинтездин түтүктүү сөөктөргө ок тийген жаракаттардын айыгуусун тездетүү үчүн колдонуу керектигин тастыктайт. Биздин изилдөөнүн буга чейнки бөлүгүндө бийик тоо жана туруктуу остеосинтезшартында сөөк ткандарынын калыбына келүүсүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири эксперименталдык материал берилгендиктен, булбөлумдөгү тажрыйбалар жапыз тоолуу аймак шартындабулчуң муундардын сөөк жана жумшак ткандарынынабалы жөнүндө базалык санариптик маалыматтарды алуумаксатында жүргүзүлдү
Негизги сөздөр
регенерация; сөөк тканы; ок жаракаты; компрессиялык-дистракциялык остеосинтез; жапыз тоолуу аймак; остеобласттар; остеоциттерЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар