Том 16, № 4, 2024 / Барактар 42-49

Жилик сөөктүн сыныктарында бийик тоолуу шарттарга ыңгайлашпаган жаныбарлардын иммундук системасынын айрым көрсөткүчтөрү

Кабыл алынган убакыт 08.04.2024
Түзөтүлгөн 21.08.2024
Кабыл алынган 27.09.2024

Аннотация

Ушул изилдөөнүн максаты бийик тоо шарттарына ыңгайлашкан жана ыңгайлашпаган эксперименттик жаныбарларда ар кандай болуу мөөнөттөрүндө бийик тоо шарттарындагы жаракаттарда клеткалык иммунитеттин өзгөчөлүктөрүн изилдөө болуп саналган. Изилдөөнү биз Төө-Ашуу бийик тоолуу базанын шарттарында деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте эки жыныстагы жүз кырк ак лабораториялык келемиштерде жүргүздүк. Контролдук топтогу жаныбарларда эксперименттин аягында изилденген жаныбарларда лимфоциттердин негизги субпопуляциясынын концентрациясынын көрсөткүчтөрү баштапкы мааниге кайтып келет, ошол эле убакта негизги топтогу жаныбарларда изилдөөнүн аягында бул маалыматтар ишенимдүү жогору бойдон калат.   Бийик тоолуу шарттарга ыңгайлашпаган жаныбарларда жаракат алууда лимфоциттердин негизги субпопуляциясынын көрсөткүчтөрүнүн динамикасы ар башка багыттуу мүнөзгө ээ экени аныкталган. Ошондой эле бийик тоо факторлорунун комплекстүү таасири жана жаракат клеткалык иммундук жоопко таасир тийгизе тургандыгы, муну менен катар лимфоциттердин тигил же бул субпопуляциясынын концентрациясынын көбөйүшүн же азайышын пайда кылганы аныкталган. Өз кезегинде бул жогоруда көрсөтүлгөн факторлордун иммундук системага ар кандай багыттагы супрессивдик же түрткү берүүчү таасири жөнүндө күбөлөндүрөт. Эксперименттин жүрүшүндө аныкталган лимфоциттердин негизги субпопуляцияларынын курамындагы айырмачылыктар моделденген сөөк сыныгынын фонунда эксперименттин ар кандай этаптарында бийик тоолуу шарттарда сөөк ткандарынын калыбына келүү процесстерине алардын бирдей катышпагандыгын ырастайт

Негизги сөздөр

иммунология; иммуноглобулиндер; жаракат; сынык; мертинүү; коррекция

Цитаталоо

APA Style
Dzhumabekov, S., Isakov, B., Sheraliev, A. & Soodombaev, M. (2024). Some indicators of the immune system in animals not adapted to the high-mountain conditions with tubular bone fractures. Eurasian Health Journal, 16(4), 42-49. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2024-4-42
Copied!
Vancouver Style
Dzhumabekov, S., Isakov, B., Sheraliev, A., Soodombaev, M.. Some indicators of the immune system in animals not adapted to the high-mountain conditions with tubular bone fractures. Eurasian Health J. 2024;16(4):42-9. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2024-4-42
Copied!

Колдонулган булактар

Жарыялоо процессиндеги булактар