Аннотация
Бул макалада 2019-жылдан азыркы учурга чейин Медициналык тез жардам клиникалык ооруканасынындагы (МТЖКО), мурдагы Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборундагы (БТОИИБ) жаракат бɵлүмдɵрүндɵ жамбаш сан муунунун гемиартопластикасы жасалган 119 бейтаптын сан сөөгүнүн ийик баш аймагындагы сыныктары менен ыкчам кийлигишүүлөрүнүн жыйынтыктарына талдоо берилген. ДССУнун жашыруун боюнча жана оорулуулардын жаш курагы боюнча, кары жаш курактагы адамдар улгайган жашка караганда эки эсе көп болгон. Бул адамдардын улгайган жана кары курактык топторунун арасында остеопороздун пайда болушу, жашоонун жакшырышы жана улгайган адамдардын санынын кескин көбөйүшү менен түшүндүрүлөт. Сан сөөгүнүн моюнчасы сыныктарын дарылоодо негизги артропластиканы колдонуу кеңири таралгандыгына карабастан, аны ийик баш аймактын жаракаттары үчүн колдонуу ачык маселе бойдон калууда жана чет өлкөлөрдөн келген көптөгөн авторлор тарабынан активдүү изилденип жатат. Улгайган жана кары курактагы адамдарда сан сөөгүнүн ийик баш аймагындагы сыныктары өтө кеңири таралган, аларды ички фиксация жана артропластика сыяктуу ар кандай фиксациялоо ыкмалары менен дарылоого болот. Бүгүнкү күндɵ хирург травматологдор жамбаш сан муунун гемиартропластикасы тез калыбына келтирүүчү жана улгайган, кары адамдардын сан сөөгүнүн ийик баш аралыгындагы сыныктарын дарылоодо зарыл деп эсептешет
Негизги сөздөр
сан сөөк; ийик баш аймагындагы сыныктар; жамбаш сан муунун гемиартропластикасы; улгайган жана кары куракЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар