Аннотация
Учурда дүйнө жүзүндө медицинанын жаңы багыты – паллиативдик жардам тездик менен өнүгүүдө. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бардык өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө оор айыкпас дартка чалдыккан ар бир бала үчүн паллиативдик жардамды жеткиликтүү кылууну сунуштайт. Макаланын максаты: дүйнөдөгү учурдагы практикаларды жана өлкөдөгү учурдагы абалды карап чыгып, Кыргыз Республикасында балдар үчүн паллиативдик жардамды өнүктүрүү багыттарын сунуштоо. Материалдар жана методдор. PubMedде, ошондой эле алдыңкы эл аралык жана улуттук уюмдардын (Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, Европанын паллиативдик жардам ассоциациясы, ж.б.) веб-сайттарында жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук базасында акыркы 30 жылдагы илимий иштердин адабияттык кароосу жүргүзүлгөн. Кыргыз Республикасында улуттук деңгээлде балдарга паллиативдик жардам көрсөтүү системасы жок экени белгиленди. Бирок анын калыптанышы жана тез өнүгүшү үчүн бардык шарттар бар. Айыкпас дартка чалдыккан баланын жана анын үй-бүлөсүнүн паллиативдик педиатрияга жеткиликтүүлүк укугун ишке ашыруунун келечектүү багыттары сунушталды. Алардын ичинде – стационардык жана амбулатордук кызматтарды этап-этабы менен ачуу боюнча узак мөөнөттүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу, медицина кызматкерлеринин үзгүлтүксүз билим алуу тутумун түзүү жана паллиативдик жардамга муктаж балдардын реестрин түзүү аркылуу алардын муктаждыктарын баалоо жана комплекстүү көп тармактуу колдоо үчүн финансылык-экономикалык пландаштыруу жүргүзүү бар
Негизги сөздөр
балдар үчүн паллиативдик жардам; паллиативдик педиатрияЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар