Аннотация
Максаты бул изилдөөнүн максаты вестибулярдык шванномаларды алып салуу операцияларынан соңку бет нервин сактоонун натыйжаларына ар тараптуу баа берүүнү камсыздоо болгон. Материалдар жана ыкмалар. Хирургиялык ыкма, шишктин көлөмү, бейтаптын курагы жана операция убагында мониторингди колдонуу боюнча маалыматтар алынган жана операциядан кийинки бет нервинин функциясы менен корреляцияланган. “Бет нервинин функциясы сакталган" деп акыркы кароодо функциясы Хаус-Бракман боюнча I же II даражасы эсептелген. Натыйжалар. Ортоңку баш сөөк чуңкуру аркылуу жасалган бейтаптар бет нерв функциясын сактап калуунун жогорку жалпы даражасына туура келген тенденцияны көрсөттү (85%), салыштырганда транслабиринттик ыкма (81%, р = 0,07) жана ретросигмоиддик ыкмага караганда статистикалык жакшыраак (78%, р < 0,0001) болду. Бейтаптарда шишик көлөмү орточо < 20 мм болсо, шишик көлөмү чоңураак бейтаптарга салыштырмалуу бет нерв сактоо көрсөткүчтөрү маанилүү жогору аныкталган (90% против 67%, р < 0,0001). Ал эми 65 жашка чейинки курактагы бейтаптарда бет нервинин сакталуусу төмөнүрөөк (71% против 84%, р < 0,001) болгон. Акырында, операция убагында мониторинг колдонуу бет нервинин сакталуусун жакшырткан (76% против 71%, р < 0,001). Корутунду. Вестибулярдык шванномаларды микрохирургиялык резекциялоодон кийин бет нервинин сакталуусуна байланышкан факторлорго шишиктин көлөмү <20 мм, ортоңку баш сөөк чуңкуру аркылуу жасалган ыкма жана операция учурунда мониторингди колдонуу кирген. Бул маалыматтар вестибулярдык шванномаларды микрохирургиялык резекциялоодон кийин бет нервинин сакталуусу жөнүндө жарык көргөн адабиятка жалпыланган баа берет
Негизги сөздөр
вестибулярдык шваннома; угуу нервинин невриномасы; хирургия; микрохирургия; бет нервиЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар