Том 17, № 1, 2025 / Барактар 245-254

Кыргызстандагы мектеп окуучуларынын күнүмдүк тамак-аш курамына салыштырма мүнөздөмө

Кабыл алынган убакыт 02.09.2024
Түзөтүлгөн 15.01.2025
Кабыл алынган 28.02.2025

Аннотация

Тамактануу балдардын ден-соолугунун жана бакубаттуулугунун негизги фактору болуп саналып, алардын өсүшүнө жана өнүгүшүнө таасир этет. Заманбап шарттарда көптөгөн балдар тамактануунун жетишсиздигине дуушар болушат, бул алардын ден-соолугуна терс таасирин тийгизет. Максаты: КРсынын ар кайсы аймактарында жашаган мектеп жашындагы балдар жана өспүрүмдөр үчүн күнүмдүк тамак-аш курамына гигиеналык мүнөздөмө берүү. Материалдар жана методдор. Республиканын ар кайсы аймактарында жашаган 7 жаштан 17 жашка чейинки 4877 мектеп окуучуларынын күнүмдүк тамак-аш менен камсыз болушуна гигиеналык, эпидемиологиялык жана статистикалык ыкмалар менен изилдөө жүргүзүлгөн. Жыйынтыктар. КРсынын ар кайсы региондорундагы мектеп окуучуларынын тамак- ашты керектөөсү боюнча маалыматтар региондук айырмачылыктарга ээ. Окуучулардын жаныбарлардан алынган азыктарды керектөөсү сунушталган нормадан кыйла төмөн экендиги аныкталган. Тактап айтканда, түштүктөгү мектеп окуучуларынын 52,3%ы, түндүк облустарынын 50,4%ы эт керектөөнүн жетишсиздигинен, ал эми түндүк аймактардагы балдардын 59,0%ы сүт азыктары менен камсыздалбагандыгы көрсөтүлгөн. Балдардын азык-түлүк курамында дан азыктары жалпы рациондун 38,4% түздү. Негизги тамак-аш топторун керектөөдө гендердик айырмачылыктар белгиленген. Корутундулар. Окуучулардын күнүмдүк тамактануу рационун талдоодо биологиялык баалуу азыктардын жетишсиздиги аныктады, бул сандык жана сапаттык жактан тең салмактуу эмес тамактанууну көрсөтөт

Негизги сөздөр

балдар жана өспүрүмдөр; мектеп окуучулары; тамак-аш комплекси; тамак-аш азыктарынын негизги топтору; керектөө деңгээли; республиканын аймактары

Цитаталоо

APA Style
Kochkorova, F., Kasymov, O. & Shatmanov, N. (2025). Comparative characteristics of the daily food package for schoolchildren in Kyrgyzstan. Eurasian Health Journal, 17(1), 245-254. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2025-1-245
Copied!
Vancouver Style
Kochkorova, F., Kasymov, O., Shatmanov, N.. Comparative characteristics of the daily food package for schoolchildren in Kyrgyzstan. Eurasian Health J. 2025;17(1):245-54. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2025-1-245
Copied!

Колдонулган булактар

Жарыялоо процессиндеги булактар