Том 17, № 1, 2025 / Барактар 159-166

Кенже мектеп жашындагы балдардын вегетативдик туруктуулугу жана анын жүрөк кагуу ыргагынын өзгөргүчтүк көрсөткүчтөрүнө тийгизген таасири

Кабыл алынган убакыт 05.09.2024
Түзөтүлгөн 06.01.2025
Кабыл алынган 28.02.2025

Аннотация

Бул статья – ар түркүн вегетативдик туруктуулуктагы мектеп жашындагы балдардын жүрөк кан тамыр тутумунун иштөө механизмин изилдөө үчүн арналган. Иштөөнү калыптандыруу тутумунун ыгынан тайып, өзгөрүшүн табуу үчүн, балдардын вегетативдик өзгөргүчтүгүнүн туруктуулугун же туруксуздугун изилдөө жүргүзүлгөн. Изилдөө мектеп жашындагы 7-11 жашка чейинки тайпадагы 60 балага жүргүзүлгөн. Вегетативдик туруктуулуктун деңгеелин таап бышыктоо үчүн. Чех окмуштуусу М. Гавлинованын “Социум вегетатика” деген издү 2-факторлук сурамжылоо китепчеси колдонулган. Калыптандыруу тутмдарынын кызмат өтөө абалы, жүрөк кагуу ыргагынын өзгөргүчтүгүн Р.М. Баевдин ыкмасы аркылуу изилдөө менен бышыкталат. Жүрөк кагуу ыргагынын жыштыгы, артериалдык кан басым жана чыңалуунун математикалык индексин аныктоо жүргүзүлгөн. Изилдөөнүн жыйынтыгында 50% балдарда эң бийик вегетативдик туруксуздук байкалган, ошол эле убакта кыздарда 23,6% га жогору, балдарга караганда. Жүрөк кагуу ыргагынын өзгөргүчтүк параметрлери боюнча 40-60% учурунда, жүрөк кан тамыр тутумунун калыптануусунун, нормотондук түрү байкалган. Симпатикотония 24-61% учурда, бирок көбүнчө вегетативдик туруктуулук байкалган кыздарда катталган. Чыңалуу индекси 50-60% учурда, канаттандырарлык диапазондо жайгашкан, бирок калыбынан тайган дисстрес вегетативдик туруктуулуктагы кыздарда катталган

Негизги сөздөр

вегетативдик туруктуулук; вегетативдик туруксуздук; жүрөк кагуу ыргагынын өзгөргүчтүгү; чыңалуу индекси; жөнгө салуучу механизмдер; компенсацияланбаган дистресс

Цитаталоо

APA Style
Chernycheva, E., Asanbekova, Zh., Sabyr, A., Bektursunov, T., Aseeva, V. & Gusupbekova, A. (2025). Vegetative stability and its influence on heart rate variability indicators in primary school-aged children. Eurasian Health Journal, 17(1), 159-166. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2025-1-159
Copied!
Vancouver Style
Chernycheva, E., Asanbekova, Zh., Sabyr, A., Bektursunov, T., Aseeva, V., Gusupbekova, A.. Vegetative stability and its influence on heart rate variability indicators in primary school-aged children. Eurasian Health J. 2025;17(1):159-66. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2025-1-159
Copied!

Колдонулган булактар

Жарыялоо процессиндеги булактар