Том 17, № 1, 2025 / Барактар 227-234

Кыргыз Республикасынын аймактарында 1-типтеги кант диабетинин акыркы 20 жыл ичиндеги абалы (2005–2024)

Кабыл алынган убакыт 02.09.2024
Түзөтүлгөн 03.01.2025
Кабыл алынган 28.02.2025

Аннотация

Бул макалада 2005-2024-жж. Аралыгындагы Мамлекеттик отчеттук форма №12ге ылайык Кыргыз Республикасынын региондорунда акыркы 20 жыл ичинде 1-типтеги кант диабетине чалдыгуу тууралуу маалыматтар берилген. Салыштырма анализ көрсөткөндөй, узак мөөнөттүү оорулардын орточо деңгээли Ысык- Көл облусунда 100 000 адамга 6 учурду түзгөн (0/0000). Ооругандардын деңгээли Бишкек шаарларында (5,30/0000) жана Ош облусунда (4,80/0000) өлкөдөгү орточо көрсөткүчтөн (4,20/0000), жогору болгон. Чүй, Баткен, Талас жана Жалал-Абад аймактарында эпидемиялык процесстин ороточо интенсивдүүлүгү жогоруда көрсөтүлгөн дубандарга караганда төмөн болгон (3,8- 2,80/0000). Узак мөөнөттүү оорунун орточо көрсөткүчүнүн өлкө боюнча эн төмөн (2,30/0000) денгээли Нарын облусунда аныкталган. Акыркы 20 жыл ичиндеги аймактар боюнча 1-типтеги диабет оорусу менен ооругандардын динамикасын талдоо 2005-2006-жылдары бир катар аймактарда (Ысык-Көл, Ош, Чуй, Талас облустарында) оорунун саны көбөйгөндүгүн көрсөтөт. 2014-2016-жылдары дээрлик бардык аймактарда ар кандай интенсивдүүлүктө жогорулоо катталган. Акыркы жылдарада Ош, Баткен жана Чуй аймактарында оорунун азайгандыгы байкалса, Бишкек ш., Ысык-Көл, Нарын, Талас дубандарында көбөйгөндүгү катталган

Негизги сөздөр

1-типтеги кант диабети; оорусу; аймактар; Кыргыз Республикасы

Цитаталоо

APA Style
Alimova, N., Uvaidillaeva, F. & Nogoibaeva, K. (2025). Incidence of type 1 diabetes mellitus by regions of the Kyrgyz Republic over the past 20 years (2005–2024). Eurasian Health Journal, 17(1), 227-234. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2025-1-227
Copied!
Vancouver Style
Alimova, N., Uvaidillaeva, F., Nogoibaeva, K.. Incidence of type 1 diabetes mellitus by regions of the Kyrgyz Republic over the past 20 years (2005–2024). Eurasian Health J. 2025;17(1):227-34. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2025-1-227
Copied!

Колдонулган булактар

Жарыялоо процессиндеги булактар