Том 17, № 2, 2025 / Барактар 232-237

Ош шаарынын жана Ош облусунун стоматологиялык поликлиникаларында даярдалган тиш протез конструкцияларынын анализи

Кабыл алынган убакыт 07.11.2024
Түзөтүлгөн 10.04.2025
Кабыл алынган 23.05.2025

Аннотация

Көп учурларда тиш жоготуу пародонт ооруулар менен байланыштуу, өзгөчө пародонтиттер, алардын дүйнө жүзүндө таралышы абдан жогору. Пародонтит – бул сезгенүү процесси болуп, пародонт ткандарынын терең катмарларын жабыркатат: байламталык аппараттын өлүмү, альвеолярдык сөктүн резорбциясы, бул акырында тиштин алынуусуна алып келет, эгер дарылоо жардам берилбесе. Пародонт ооруларын дарылоо комплекстүү болушу керек, ортопедикалык дарылоону да камтышы зарыл, ал кыймылдуу жана туруктуу тиштерди бирдиктүү блокко бириктирип, жегич басымды тиш катарына бирдей бөлүштүрүүгө багытталган. Биздин изилдөөбүз Ош шаары жана Ош облусундагы стоматологиялык поликлиникаларда жасалган тиш протез конструкцияларын изилдөөгө багытталды. Бул аймакта жасалган тиш протез конструкцияларына анализ жүргүзүлгөндө, негизинен жалгыз коронкалар, штампталган-кайра жуулган көпүрө протездери, бөлүкчө алынуучу пластинка протездери жана толук алынуучу протездер колдонулганы аныкталды. Шинировкалоочу протез конструкциялары, анын ичинде спаянган коронкалар, көптөгөн опордук тиштер менен көпүрө протездери, модификацияланган бюгель протездери, Ош шаары жана Ош облусунун поликлиникаларынын отчеттук маалыматтарына ылайык жасалган эмес

Негизги сөздөр

амбулатордук карта; спайылган конструкциялар; поликлиникалар; пародонт оорулары; шинируучу протездер

Цитаталоо

APA Style
Isakov, E., Kalbaev, A., Shayahmetova, K., Isakov, B. & Osmonova, D. (2025). Analysis of manufactured dental prosthesis structures in dental clinics of Osh city and Osh region. Eurasian Health Journal, 17(2), 232-237. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2025-2-232
Copied!
Vancouver Style
Isakov, E., Kalbaev, A., Shayahmetova, K., Isakov, B., Osmonova, D.. Analysis of manufactured dental prosthesis structures in dental clinics of Osh city and Osh region. Eurasian Health J. 2025;17(2):232-7. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2025-2-232
Copied!

Колдонулган булактар

Жарыялоо процессиндеги булактар