Аннотация
Рентгенологтор жасалма интеллект технологияларын кызыгуу жана үмүт менен кабыл алышууда, бирок көпчүлүгүндө өз билим деңгээлине жана жасалма интеллекттин клиникалык шарттардагы чыныгы натыйжалуулугуна байланыштуу күмөн саноолор бар. Айрыкча жаш адистердин билим деңгээлин жогорулатууга жана аларды маалымат менен камсыздоого басым жасоо маанилүү, бул санариптик куралдарды ишенимдүү жана туура пайдаланууга жол ачат. Мындай технологияларды активдүү өздөштүрүү жана интеграциялоо медицинада алардын мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдаланууга өбөлгө түзөт. Оң мамилеге карабастан, жасалма интеллект күнүмдүк медициналык практикага киргизүү системалуу ишти жана ырааттуу кадамдарды талап кылат. Изилдөөнүн максаты – рентгенологияда жасалма интеллектти колдонуу боюнча дарыгерлердин пикирин талдоо. Изилдөөнүн алкагында 51 дарыгерге (анын ичинде рентгенологторго) сурамжылоо жүргүзүлдү. Анкета жасалма интеллект колдонууда жашыруундуулукту сактоо, адамдык көзөмөл, клиникалык көндүмдөргө таасири жана жасалма интеллект боюнча билим алууга кызыгуу сыяктуу маселелерди камтыды. Жыйынтыктар. Дарыгерлер жасалма интеллекттин диагностикадагы тактыгын жана ылдамдыгын жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн оң кабыл алышат. Ошол эле учурда, маалыматтардын коопсуздугу жана адистик көндүмдөрдү жоготуу боюнча кооптонуулар бар. Сурамжылоого катышкандардын басымдуу бөлүгү (60% ашууну) жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн үйрөнүүгө кызыгуу билдиришти. Корутунду. Жасалма интеллект – дарыгерлерди алмаштырган эмес, жардамчы курал. Жасалма интеллекти ишенимдүү колдонуу үчүн адистерди даярдоо жана юридикалык-этикалык нормаларды киргизүү талап кылынат
Негизги сөздөр
жасалма интеллект; рентгенология; дарыгердин пикири; диагностика; медицинада ЖИЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар