Аннотация
Бул адабиятка жасалган баяндама төмөнкү жаак сөөктүн түзүлүшүнүн, кан менен камсыздалышынын жана нерв менен жабдылышынын индивидуалдуу анатомо- рентгенологиялык өзгөчөлүктөрүн талдоого багытталган. Төмөнкү жаак – бул чайноо, сүйлөө жана беттин эстетикасы үчүн маанилүү баш сөөгүнүн негизги түзүмү. Анын морфологиялык өзгөчөлүктөрү, анын ичинде сөөк каналдарынын, нейрососудисттик структуралардын жана кортикалдык табакчанын өзгөрмөлүүлүгү стоматология жана жаак-бет хирургиясы үчүн чоң клиникалык мааниге ээ. Макалада темага тиешелүү, методологиялык сапаты жогору жана оригиналдуу болгон 35 илимий булактан алынган маалыматтар системалаштырылган. Конус-нерентген КТ, МРТ жана рентген сыяктуу заманбап визуализация ыкмалары индивидуалдуу анатомиялык айырмачылыктарды, тил каналдарынын болушу, резцовый каналдын рентгендик көрүнүшү жана төмөнкү жаак каналдын тиштин тамырына жакындыгын аныктоого мүмкүндүк берет. Бул изилдөө дарылоону пландоодо, анестезияда жана операцияларда жогорку коопсуздук менен эффективдүүлүктү камсыз кылуу үчүн төмөнкү жаактын индивидуалдуу анатомиялык өзгөчөлүктөрүн терең изилдөөнүн маанисин баса белгилейт
Негизги сөздөр
төмөнкү жак сөөгү; анатома-рентгенологиялык өзгөчөлүктөр; кан менен жабдылуу; иннервация; визуалдаштыруу; рентгенографияЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар