Аннотация
Бул изилдөө өнөкөт ириңдүү орто кулак отитинде эндоскопиялык жардамды колдонуу менен жана ансыз жүргүзүлгөн жабык санирлөө операцияларынын эффективдүүлүгүн салыштырма талдоо максатында жүргүзүлдү. Изилдөөгө аттикотомия, тимпанопластика жана башка ыкмаларды камтыган жабык операциялар жасалган 39 бейтап киргизилген. Бейтаптар эки топко бөлүндү: биринчи топто хирургия микроскоп жана эндоскоп колдонуу менен жүргүзүлдү, экинчи топто болгону микроскоп менен. Натыйжалар көрсөткөндөй, эндоскопту колдонуу ортоңку кулактагы кыйын жетүүчү бөлүктөрдү, мисалы, алдыңкы аттик, фациалдык синус жана башкаларды визуалдаштырууну кыйла жакшыртат. Бул, айрыкча балдарда, резидуалдык холестеатоманын өнүгүү тобокелдигин азайтат. Операциядан кийинки аудиологиялык жыйынтыктар олуттуу айырмачылыктарды көрсөтпөгөн, бирок эндоскопиялык жардам колдонулган топто холестеатоманын рецидивинин ыктымалдыгы төмөн (10% каршы 30%) болгон. Изилдөөнүн жыйынтыктары микроскоп менен эндоскопту айкалыштыруу санирлөө операцияларынын эффективдүүлүгүн жогорулатканын, рецидивдердин тобокелдигин азайтканынын жана ортоңку кулактын анатомиясын калыбына келтирүүнү жакшыртканын тастыктады. Эндоскопия, айрыкча балдар практикасында, салттуу микроскопиялык техникага пайдалуу альтернатива болуп, толук жана туруктуу калыбына келүүнү камсыздайт
Негизги сөздөр
өнөкөт ириңдүү орто кулак отити; санирлөө операциялары; эндоскопиялык жардамЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар