Том 17, № 2, 2025 / Барактар 202-208

Балдардагы септопластикада мурун перегородкасынын түзүлүшү жана анын клиникалык маанилери (адабияттарга сереп)

Кабыл алынган убакыт 14.01.2025
Түзөтүлгөн 21.04.2025
Кабыл алынган 23.05.2025

Аннотация

Балдардын мурун перегородкасынын ийрилигинин клиникалык, диагностикалык жана терапиялык аспектилерине арналган изилдөөлөрдүн көптүгүнө карабастан, анын түзүлүштөрүнүн клеткалык курамы жана биомеханикалык өзгөчөлүктөрү тууралуу маалыматтар фрагментардуу жана чектелген бойдон калууда. Максат: мурун перегородкасынын ткандарынын микроструктурасы жана биомеханикасы жөнүндө маалыматтарды адабият жана интернет булактарын анализдөө негизинде жалпылоо жана стандартташтыруу, ошондой эле хирургиялык дарылоону оптималдаштыруу жана операциядан кийинки татаалдашуулар коркунучун азайтуу максатында мындан аркы изилдөөлөрдүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо. Материалдар жана ыкмалар. Ички жана чет өлкөлүк илимий адабияттарга, клиникалык сунуштарга сереп жүргүзүлдү, ошондой эле клиникалык байкоолордун салыштырма анализи аткарылды. Жыйынтыктар жана корутундулар. Биздин оюбузча, мурун перегородкасы жети катмардан турат, алардын ар бири анын анатомиялык бүтүндүгүн жана функционалдуулугун сактоодо маанилүү ролду ойнойт. Бул катмарлардын анатомиялык-гистологиялык өзгөчөлүктөрүн жана септопластика аткарууда алардын клиникалык маанисин билүү заманбап ринохирургия үчүн чоң мааниге ээ. Көрсөтүлгөн аспектилер окуу жана илимий адабияттарда жетишсиз чагылдырылган; бул темага арналган адистештирилген монографиялык басылмалар жок. Септопластиканын негизги принциби — кемирчек жана сөөк ткандарын азыктандыруучу перихондрий менен периостту сактоо. Перегородка кемирчегинин биомеханикасын түшүнүү хирургиялык техникаларды оптималдаштырууга, функционалдык жана эстетикалык жыйынтыктарды жакшыртууга, ошондой эле татаалдашуулар коркунучун азайтууга өбөлгө түзөт

Негизги сөздөр

мурун перегородкасы; микроструктура; былжырлуу кабыкча; перихондрий; кемирчек; биомеханика; септопластика; балдар

Цитаталоо

APA Style
Khasanov, S. & Bobokhonov, M. (2025). The structure of the nasal septum and its clinical aspects in pediatric septoplasty (literature review). Eurasian Health Journal, 17(2), 202-208. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2025-2-202
Copied!
Vancouver Style
Khasanov, S., Bobokhonov, M.. The structure of the nasal septum and its clinical aspects in pediatric septoplasty (literature review). Eurasian Health J. 2025;17(2):202-8. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2025-2-202
Copied!

Колдонулган булактар

Жарыялоо процессиндеги булактар