Аннотация
Берилген макалада жараат процессинин жүрүшүн аныктоонун, мониторинг жүргүзүүнүн жана скринингдин негизги аспектилерине арналган чет элдик авторлордун адабий булактарына кеңири жана терең талдоо жүргүзүлгөн. Изилдөөлөрдүн жыйынтыктары жараат айыгуу процессинин көп факторлуу жана көп баскычтуу мүнөзүн тастыктап, иммундук, микробиологиялык жана биохимиялык механизмдердин өз ара байланышынын ролун ачып берет. Ириңдүү жарааттарды комплекстүү дарылоонун заманбап ыкмаларынын ичинен патогенетикалык жактан негизделген ыкмалар өзгөчө орунду ээлейт. Алардын курамына майлуу композициялар, антисептикалык жана антибактериалдык таасирге ээ болгон дары каражаттары, ошондой эле биополимердик негиздеги соргуч жана жараат айыктыруучу материалдар кирет. Азыркы мезгилде изилдөөлөр жергиликтүү таасирдин эффективдүүлүгүн жогорулатууга гана эмес, сезгенүү реакциясын системалык өзгөртүүнүн, экинчилик татаалдашуулардын алдын алуунун жана репаративдик процесстерди жакшыртуунун ыкмаларын оптималдаштырууга багытталгандыгы баса белгиленет. Талдоонун алкагында жараат дарылоосундагы инновациялык технологиялардын орду, анын ичинде узакка созулган таасирге, тандалма антимикробдук активдүүлүккө жана минималдуу терс таасирлерге ээ болгон жаңы дары формаларын иштеп чыгуу баса белгиленет
Негизги сөздөр
жараат; ириң; жарааттардын айыгышы; татаалдашууларЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар