Том 17, № 3, 2025 / Барактар 177-183

Билим берүү жана илимдеги жасалма интеллект, анын жашоо сапатына тийгизген таасири

Кабыл алынган убакыт 06.05.2025
Түзөтүлгөн 10.09.2025
Кабыл алынган 22.10.2025

Аннотация

Бул макалада жасалма интеллекттин дүйнөлүк билим берүү жана илимий процесстердин трансформациясына тийгизген таасири, ошондой эле анын жашоо сапатынын өзгөрүүдөгү натыйжалары каралат. Изилдөөнүн максаты болуп, жасалма интеллектти колдонуунун негизги аспектилерин, анын артыкчылыктарын жана ага байланышкан кемчиликтерди аныктоо болуп эсептелет. Талдоо үчүн сурамжылоо жүргүзүлүп, ошондой эле жасалма интеллектини киргизүү боюнча илимий макалалар, отчёттор пайдаланылган. Изилдөөнүн объектиси катары билим берүү системаларында жасалма интеллектинин колдонушу боюнча пикирлер (окуу процессинде студенттердин, окуучулардын жана мугалимдердин көз карашынан каралган оң жана терс тараптары), күнүмдүк турмуштагы колдонушу (навигация, маршруттарды оптималдаштыруу; акылдуу түзмөктөр, акылдуу үй; ден-соолук жана фитнес, ден-соолук тууралуу маалыматтарды талдоо, физикалык форманы сактоого жардам берүү), ошондой эле илимде колдонулушу (илимди өнүктүрүүнүн куралы катары, анын пайдалуу же терс таасирин тийгизүү мүмкүнчүлүгү) каралган. Жасалма интеллектинин билим берүүнү жекелештирүү жана илимий изилдөөлөрдү оптималдаштыруу жаатындагы эффективдүүлүгүн аныктоо максатында жүргүзүлгөн анализ жасалма интеллект адамга караганда бир топ убакыт талап кылуучу иштерди бир нече секунд ичинде аткара аларын көрсөттү. Изилдөөнүн жыйынтыгында жасалма интеллект билим алууга жеткиликтүүлүктү кыйла жогорулатары (мисалы, виртуалдык жардамчылар аркылуу) жана илимий ачылыштарды тездетери (рутиналык тапшырмаларды аткарып, алардагы каталарды жоюу аркылуу) аныкталды. Ошондой эле, алынган жыйынтыктар жасалма интеллект кеңири колдонулуп жатканын көрсөткөн, анткени ал маалымат издөөнү жеңилдетип, сабакка даярдануу үчүн убакытты үнөмдөйт. Бирок көпчүлүк адамдарда жасалма интеллект боюнча так түшүнүк калыптана электиги, ал тургай айрым учурларда бейтарап мамиле жасала тургандыгы да аныкталды. Мындан тышкары, этикалык маселелер жана санариптик теңсиздик сыяктуу көйгөйлөр белгиленди

Негизги сөздөр

жасалма интеллект; билим берүү; турмуш сапаты; нейрондук тармак; этикалык төңкөрүштөр; автоматташтыруу; ChatGPT

Цитаталоо

APA Style
Satybaldieva, R., Khalilov, A. & Khalilov, U. (2025). Artificial intelligence in education and science, its impact on quality of life. Eurasian Health Journal, 17(3), 177-183. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2025-3-177
Copied!
Vancouver Style
Satybaldieva, R., Khalilov, A., Khalilov, U.. Artificial intelligence in education and science, its impact on quality of life. Eurasian Health J. 2025;17(3):177-83. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2025-3-177
Copied!

Колдонулган булактар

Жарыялоо процессиндеги булактар