Аннотация
Холангиокарцинома боор жана өт жолдорунун эң агрессивдүү залалдуу шишиктеринин бири болуп саналат, прогнозу начар жана өлүмдүүлүгү жогору. Бул адабий обзордун максаты – холангиокарцинома боюнча азыркы учурга чейинки эпидемиологиялык маалыматтарды, тобокелдик факторлорун, клиникалык белгилерин, диагностика ыкмаларын жана хирургиялык дарылоону талдап, негизги көйгөйлөрдү жана келечектүү изилдөө багыттарын аныктоо. Маалымат изилдөөсү PubMed базасында жүргүзүлдү. 2018–2025жылдар аралыгында жарыяланган, негизинен рецензияланган макалалар каралды. Тандоо критерийлери клиникалык же эксперименттик маалыматтардын болушу, методологиялык жана статистикалык ишенимдүүлүк, англис же орус тилдеринде жеткиликтүүлүк болду. Обзорго оригиналдуу изилдөөлөр, метаанализдер, системалуу обзорлор, клиникалык сунуштар жана клиникалык учурлар киргизилди. Молекулярдык биологиянын, визуалдык технологиялардын жана хирургиялык ыкмаларынын өнүгүшүнө карабастан, холангиокарциноманы эрте стадиясында аныктоо кыйын бойдон калууда. Бул радикалдуу дарылоонун мүмкүнчүлүгүн олуттуу чектейт. Азыркы учурда хирургиялык резекция жана андан кийинки адъюванттык терапия гана узак мөөнөттүү жашоону камсыздай алат. Бирок радикалдуу операциядан кийин да рецидивдердин көрсөткүчү жогору бойдон калууда, жалпы жашоо узактыгы канааттандырарлык эмес. Заманбап изилдөөлөр эрте диагностика үчүн жаңы биомаркерлерди аныктоого, операцияга чейинки резектабелдүүлүктү тактоого жана системалуу терапиянын персоналдашкан схемаларын иштеп чыгууга багытталган. Айрыкча таргеттик терапия жана иммуннотерапия онкологиялык натыйжаларды жана бейтаптардын жашоо сапатын жакшыртуу мүмкүнчүлүгүн ачууда. Жыйынтыктап айтканда, холангиокарциноманын канцерогенезинин молекулярдык механизмдерин терең изилдөө, жаңы диагностикалык жана терапевтик ыкмаларды интеграциялоо, ошондой эле көп тармактуу кызматташтыкты өнүктүрүү бул ооруну дарылоонун натыйжалуулугун жана прогнозун жакшыртуунун негизги шарттары болуп саналат
Негизги сөздөр
Холангиокарцинома; Клацкин шишиги; боорду курттаган описторхоз (же боор мите курту жугушу); В жана С вирустук гепатиттери; сарык; панкреатодуоденэктомия; Уиппл операциясыЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар