Аннотация
Белдин омурткалар аралык чуркусу бел радикулопатиясынын эң тараган себеби болуп саналат. Пландуу дискэктомия бул симптомдордун тез жеңилдөөсүрө алып келет, бирок көпчүлүк бейтаптар хирургиялык кийлигишүүсүз эле жакшы болушат. Иштин максаты. Борбордук фораминалдык стеноз, модладык өзгөрүүлөр, диск морфологиясы, фасет артропатиясы, диск дегенерациясы, нерв тамырлардын кысылуусу жана дуралдык капча компрессиясын камтыган МРТ алгачкы маалыматтарынын хирургиялык дарылоонун дифференциялык эффекти менен болгон байланышын аныктоо. Материал жана ыкмалар. Белдин омурткалар аралык чуркусу бел радикулопатиясынын дискэктомия же операциялык эмес жол менен дарылануучу эң тараган себеби. МРТ диагностиканын алтын стандарты болгонуна карабастан, дарылоо натыйжалары жана МРТ маалыматтары ортосундагы байланышта тактык дагы деле жок. Изилдөөгө катышкан жүз үч бейтаптын “толук” сүрөттөрү, идентификациялык аныктоо аркылуу көз каранды эмес эксперттер тарабынан бааланган. Освестри майыптык индексин камтыган жыйынтык көрсөткүчтөрү алынган натыйжалар менен салыштырылган. Хирургиялык жана операциялык эмес дарылоонун натыйжаларынын айырмалары сүрөттөрдү мүнөздөө жана терапиялык эффект Освестри упайлары боюнча топтор арасында бааланган. Натыйжалар. Когортанын 40% орточо жашы 41,5 (±11,6) аялдар түзгөн, алардын 61% диск чуркусуна байланыштуу дискэктомияга кабылган. Аяккы пластинанын I типтеги модикалык өзгөрүүлөрү бар операцияга кабылган бейтаптарда начар акыбеттер байкалган (р=0,003). Компрессиясы ≥1/3 бейтаптар хирургиялык тайпада эң жакшы оңолууну (р=0,007) жана дарылоонун жгорку көрсөткүчүн көрсөттү (р=0,015). Андан сырткары, нерв тамырларынын минималдуу кысылуусу бар бейтаптарда хирургиялык кийлигишүүнүн начар натыйжалары байкалды (р=0,016). Корутунду. Чоң эмес омурткалар аралык диск чуркулары бар жана Modic I типтеги өзгөрүүлөрү менен бейтаптарга салыштырганда, дуралдык капчанын ≥1/3 кысылуусу бар бейтаптар хирургиялык дарылоодон маанилүү эффект алганын көрсөтүштү. Андан сырткары, нерв тамырларынын “кысылуусу” жана “жылышуусу” аныкталган бейтаптарда минималдык кысылуу бар бейтаптарга караганда хирургиялык кийлигишүүдөн көбүрөөк пайда алышкан
Негизги сөздөр
омурткалар аралык диск чуркусу; омуртканын бел бөлүгү; операция акыбети; магниттик-резонанстык томография; форманын өзгөрүүсү; дуралдык капчанын компрессиясыЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар