Аннотация
Калкан сымал безге жасалган операциялардан кийинки эң көп кездешүүчү татаалдашуулардын бири – бул жаранын ириңдүү сезгенүүсү болуп саналат. Мындай татаалдашуулар операциядан кийинки айыгуу мезгилинин жүрүшүнө олуттуу таасир этет, бейтаптын ооруканада жатып калуу мөөнөтүн узартат, чыгымдарды көбөйтөт жана реабилитацияны кечеңдетет. Ошондуктан жаралык татаалдашуулардын алдын алуу – калкан сымал без хирургиясынын маанилүү багыты бойдон калууда. Бул изилдөөнүн максаты – узелдүү зоб диагнозу менен операция болгон бейтаптарда жаралык татаалдашууларды азайтуу үчүн жүргүзүлгөн профилактикалык чаралардын комплексинын натыйжалуулугун илимий жактан негиздөө жана баалоо болду. 2021–2024жылдары Бишкек шаарындагы №1 шаардык клиникалык оорукананын хирургия бөлүмдөрүндө операция жасалган 80 бейтап изилденди. Профилактикалык комплекске периоперациялык антибиотиктик коргоо, 0,02% декасан эритмеси менен жараны сугаруу жана калкан сымал бездин төшөгүн активдүү дренаждоо кирди. Бул ыкмалар экссудатты өз убагында чыгарууга жана сезгенүүнүн өнүгүшүнө жол бербөөгө жардам берди. Жыйынтыктар боюнча жаралык татаалдашуулар 2,5% гана түзүп, ооруканада жатуу орточо мөөнөтү 3,5 ± 0,37 күн болду. Алынган маалыматтар профилактикалык чаралар комплексинин жогорку натыйжалуулугун тастыктайт жана аны калкан сымал безге жасалган бардык операцияларда колдонууга сунуш кылууга болот
Негизги сөздөр
калкан сымал бези; түйүндүү зоб; операциялык дарылоо; алдын алуу чаралар; жарааттык сезгенүүЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар